# Кыргыз Республикасынын 2005- жылынын 9-апрелинин № 59 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005- жылынын 9-апрелинин № 59 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1585/edition/284869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1654.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005- жылынын 9-апрелинин № 59 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" мыйзамы (09.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1654

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 9-апрели № 59

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Президентинин

ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр

киргизүү тууралуу

2005-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1654/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 10, 462-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр

киргизилсин.

1. 13-статьяда:

биринчи бөлүктөгү "ал туруктуу же убактылуу болгон жерлерде" деген

сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде" деген сөздөр менен

алмашылып, ", зарыл болгон учурда - атайын байланыш жана транспорттук

тейлөөнү дагы кошуп," деген сөздөр алып салынсын;

экинчи бөлүктөгү "үйбүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөр "анын жубайына,

багуусундагы жашы жетпеген балдарына" деген сөздөр менен алмашылсын;

үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр алып салынсын.

2. 17-статья алып салынсын.

3. 18-статья 17-статья деп эсептелсин.

4. 19-статья 18-статья деп эсептелсин жана экинчи бөлүгү алып са-

лынсын.

5. 20-статья алып салынсын.

6. IV глава алып салынсын.

7. V глава IV глава деп эсептелип, 30 жана 31-статьялар тие-

шелүүлүгүнө жараша 19 жана 20-статьялар деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1654/st-2)

Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдеттерин аткаруучу К.Бакиев
