Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын 2005- жылынын 9-апрелинин № 59 «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 9-апрели № 59
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Президентинин
ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
киргизүү тууралуу
2005-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 10, 462-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр
киргизилсин.
1. 13-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "ал туруктуу же убактылуу болгон жерлерде" деген
сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде" деген сөздөр менен
алмашылып, ", зарыл болгон учурда - атайын байланыш жана транспорттук
тейлөөнү дагы кошуп," деген сөздөр алып салынсын;
экинчи бөлүктөгү "үйбүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөр "анын жубайына,
багуусундагы жашы жетпеген балдарына" деген сөздөр менен алмашылсын;
үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр алып салынсын.
2. 17-статья алып салынсын.
3. 18-статья 17-статья деп эсептелсин.
4. 19-статья 18-статья деп эсептелсин жана экинчи бөлүгү алып са-
лынсын.
5. 20-статья алып салынсын.
6. IV глава алып салынсын.
7. V глава IV глава деп эсептелип, 30 жана 31-статьялар тие-
шелүүлүгүнө жараша 19 жана 20-статьялар деп эсептелсин.
2-статья.
Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдеттерин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.