# 3-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005- жылынын 31-мартынын № 58 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1653/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1584/edition/1240343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1653/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 3-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1653/st-3

---

"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый- замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы; 2001-ж., N 1, 10-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "Кыргызпатент" деген сөз тиешелүү

жөндөмөдөгү "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамле- кеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 2-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кесиптик иштерин жөнгө салуу макса- тында интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- ган патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлерди аттестациялоодон, па- тенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайра аттестациялоодон жана каттоодон өткөрөт, аларды жүзөгө ашыруу үчүн аттестациялык жана аппеляциялык ко- миссиялар түзүлөт. Аттестациялык комиссия аттестациялык сыноо өткөрүү тартибин, сыно- онун тапшырмаларын бекитет, сыноочуларды шайлайт, ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарын эске алуу менен аттестациялык сыноого кир- гизүү, аттестациялоо, ишин чектөө менен аттестациялоо, аттестациялабоо жана кайра аттестациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат. Апелляциялык комиссия аттестациялануучулардын аттестациялык комис- сиянын чечимдерине даттанууларын, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өздөрүнүн кесиптик милдеттерин тиешелүү түрдө аткарышпаганы- на байланыштуу болгон аракеттерине адамдардын даттанууларын карайт.".

3. 5-статьяда:

биринчи бөлүктүн биринчи абзацы "аттестациядан" деген сөздөн кийин ", кайра аттестациядан" деген сөздөр менен толукталсын; биринчи бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5) мамлекеттик тилди өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билген.".

4. 7-статьяда:

бешинчи жана алтынчы бөлүктөрдөгү "тийиштүү төлөмдү төлөп" деген сөздөр "алымды төлөп" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын: "Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайрадан аттестациялоо интеллекту- алдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан беш жылда кеминде бир жолу аттестациялоо учурундагыдай эле тартипте өткөрүлөт"; жетинчи бөлүк тиешелүү түрдө сегизинчи бөлүк деп эсептелсин.

5. 8-статьяда:

биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Сыноодон ийгиликтүү өткөн адамдар каттоого алуу жөнүндө арыз бер- ген жана алым төлөгөн күндөн тартып бир айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынат."; үчүнчү бөлүктөгү "Тийиштүү төлөм төлөнгөн" деген сөздөр "Алым төлөнгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 10-статьяда:

биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацы "жарандыгын" деген сөздөн кийин ", анын ичинде туруктуу жашаган жерин алмаштырганда (башкача айтканда бир жылдан көбүрөөк мезгилге чет мамлекетте болгондо)" деген сөздөр менен толукталсын; биринчи бөлүктүн алтынчы абзацы "Кыргыз Республикасынын мыйзамда- рын жана кызматтык жүрүм-турум эрежелерин үзгүлтүксүз жана орой бузган учурда" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн арызынын негизинде Реестрден чы- гарылган учурда же болбосо ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү аб- зацында көрсөтүлгөндөй, туруктуу жашаган жерин алмаштырганда аны кайра- дан каттоо ал акыркы жолу аттестацияланган күндөн тартып беш жыл бою аны кайрадан аттестациялоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн."; төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр тиешелүү түрдө бешинчи жана алтынчы бөлүктөр деп эсептелсин.

7. 15-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"15-статья. Алымдар

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого, кайрадан аттестаци- ялоого жана каттоого байланышкан, ушул Мыйзамда каралган юридикалык ма- анилүү иш-аракеттер үчүн тиешелүү алым алынат. Алымдын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- гандын эсебине алым түрүндө түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде валю- талар интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- ган тарабынан техникалык жактан жабдуу, патенттик документтерди комп- лекттөө фондусунун автоматташкан тутумун түзүү жана колдонуу, кадрларды даярдоо үчүн пайдаланылат.".

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1653/st-40)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1653/st-4)
