3-статья
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый- замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы; 2001-ж., N 1, 10-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "Кыргызпатент" деген сөз тиешелүү
жөндөмөдөгү "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамле- кеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кесиптик иштерин жөнгө салуу макса- тында интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- ган патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлерди аттестациялоодон, па- тенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайра аттестациялоодон жана каттоодон өткөрөт, аларды жүзөгө ашыруу үчүн аттестациялык жана аппеляциялык ко- миссиялар түзүлөт. Аттестациялык комиссия аттестациялык сыноо өткөрүү тартибин, сыно- онун тапшырмаларын бекитет, сыноочуларды шайлайт, ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарын эске алуу менен аттестациялык сыноого кир- гизүү, аттестациялоо, ишин чектөө менен аттестациялоо, аттестациялабоо жана кайра аттестациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат. Апелляциялык комиссия аттестациялануучулардын аттестациялык комис- сиянын чечимдерине даттанууларын, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өздөрүнүн кесиптик милдеттерин тиешелүү түрдө аткарышпаганы- на байланыштуу болгон аракеттерине адамдардын даттанууларын карайт.".
3. 5-статьяда:
биринчи бөлүктүн биринчи абзацы "аттестациядан" деген сөздөн кийин ", кайра аттестациядан" деген сөздөр менен толукталсын; биринчи бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5) мамлекеттик тилди өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билген.".
4. 7-статьяда:
бешинчи жана алтынчы бөлүктөрдөгү "тийиштүү төлөмдү төлөп" деген сөздөр "алымды төлөп" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын: "Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайрадан аттестациялоо интеллекту- алдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан беш жылда кеминде бир жолу аттестациялоо учурундагыдай эле тартипте өткөрүлөт"; жетинчи бөлүк тиешелүү түрдө сегизинчи бөлүк деп эсептелсин.
5. 8-статьяда:
биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Сыноодон ийгиликтүү өткөн адамдар каттоого алуу жөнүндө арыз бер- ген жана алым төлөгөн күндөн тартып бир айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынат."; үчүнчү бөлүктөгү "Тийиштүү төлөм төлөнгөн" деген сөздөр "Алым төлөнгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 10-статьяда:
биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацы "жарандыгын" деген сөздөн кийин ", анын ичинде туруктуу жашаган жерин алмаштырганда (башкача айтканда бир жылдан көбүрөөк мезгилге чет мамлекетте болгондо)" деген сөздөр менен толукталсын; биринчи бөлүктүн алтынчы абзацы "Кыргыз Республикасынын мыйзамда- рын жана кызматтык жүрүм-турум эрежелерин үзгүлтүксүз жана орой бузган учурда" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн арызынын негизинде Реестрден чы- гарылган учурда же болбосо ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү аб- зацында көрсөтүлгөндөй, туруктуу жашаган жерин алмаштырганда аны кайра- дан каттоо ал акыркы жолу аттестацияланган күндөн тартып беш жыл бою аны кайрадан аттестациялоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн."; төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр тиешелүү түрдө бешинчи жана алтынчы бөлүктөр деп эсептелсин.
7. 15-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Алымдар
Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого, кайрадан аттестаци- ялоого жана каттоого байланышкан, ушул Мыйзамда каралган юридикалык ма- анилүү иш-аракеттер үчүн тиешелүү алым алынат. Алымдын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- гандын эсебине алым түрүндө түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде валю- талар интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- ган тарабынан техникалык жактан жабдуу, патенттик документтерди комп- лекттөө фондусунун автоматташкан тутумун түзүү жана колдонуу, кадрларды даярдоо үчүн пайдаланылат.".
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндөЗакон · 19.02.2001 · № 24
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1653/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>