# 8-статья

- Документ: [Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1652)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005- жылынын 23-мартынын № 57 " Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1652/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1583/edition/1255270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1652/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө, 8-статья (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1652/st-8

---

Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер- лерди пайдаланууда жер салыгын дифференциялоо үчүн экологиялык баалоо (К2) жана функциялык арналыш (К3) коэффициенттери колдонулат. Төмөнкудөй коэффициенттер белгиленсин:

1) экологиялык баалоо коэффициенти:

а) К2 = 2 автомобилдерге май куюучу бекеттер үчүн берилген жер

участкаларына;

б) К2 = 1,5 төмөнкүлөргө берилген жер участкалары үчүн:

- автосервис ишканаларына (техникалык тейлөө станциялары, автомо-

билдерди оњдоочу мастерскойлор, автомобиль жуучу жайлар, вулканизация станциялары);

- коомдук тамактануу, соода ишканаларына;

- тейлөө чөйрөсүнүн субъекттерине (сауналар, мончолор, химиялык

тазалоо, боео мастерскойлору);

- чакан базарларга, базарларга, анын ичинде мал базарларына, соо-

да-базар комплекстерине;

в) К2 = 0,01 Кыргыз Республикасынын коргоо-спорттук-техникалык

(КСТ) мекемелерине пайдаланууга берилген жер участкалары үчүн;

2) функциялык арналыш коэффициенти (К3):

төмөндөгүлөргө берилген жер участкалары үчүн:

- соода аянтына жараша дүкөндөргө, күркөлөргө, ларекторго жана

башка соода мекемелерине:

| Соода аянты (ч.м) | 10го | 10,1-20 | 20,1-35 | 35,1-50 | 50,1 ашык |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | чейин |  |  |  |  |
| Коэффициенти | 15 | 11 | 7 | 5 | 4 |

- чакан базарлар, базарлар, соода базар комплекстери - 5;

- мал базарлары, тоют базарлары - 3;

- коомдук тамактануу мекемелери - 2;

- мейманканалар - 7;

- банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары - 5;

- оюн-зоок жайлары (казиио, түнкү клубдар) - 7;

- офистер, бизнес борборлору, биржалар - 2,5;

- автомай куюучу бекеттер - 5;

- айылдык мунайбазалар - 1,5;

- автомобилдерди токтотуучу жайлар, автосервис ишканалары - 3;

- жарнама курулмалары - 50;

- транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзал-

дар, автовокзалдар, автобекеттер, темир жол вокзалдары - 0,9;

- автотранспорттук ишканалардын, автобазалардын, автогараждардын

кызматтык-техникалык аянттары (администрациялык имараттар, кызмат- тык-техникалык имараттар, курулмалар, кампалык жайлар ж.б.) - 0,7;

- өнөр-жай, транспорт (кызматтык-техникалык имараттар, жүк терми-

налдарынын, дењиз портунун курулмалары), курулуш, байланыш жана энерге- тика ишканалары - 0,5;

- кен өнөр жай ишканалары, темир жол транспортунун жүк ташуучу бе-

кеттери, темир жана аба жолдор транспортунун санитардык коргоо зоналары

- 0,3;

- иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, иште-

тилген калдыктардын сакталмалары - 0,05;

- геологиялык чалгындоо, долбоордук-иликтөө, чалгындоо жана

изилдөө иштери - 0,005;

- байланыштын жана электр берүүнүн аба линиялары - 0,01;

- коммерциялык илимий (окуу жайлар), билим берүү (мектептер, бала

бакчалар), саламаттык сактоо, маданият, дене тарбиялык-спорт мекемелери

- 0,3;

- калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан айыл чарбасынын

өндүрүштүк имараттары (гараждар, оњдоо мастерскойлору, кырмандар, эгин тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарба короолору, жана башка айыл чарба багытындагы объекттер) - 0,2;

- коргоо-спорттук-техникалык мекемелер (КСТ) - 0,01.

Конкреттүү менчик ээлери жана пайдалануучулар үчүн жерге жыл са- йынкы салыктын суммасы (Н) төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:

Н = С х 5 х К1 х К2 х К3 (сом), мында:

С - жер салыгынын ставкасы (ч.м./сом); S - жер тилкесинин аянты ч.м. менен; К - коэффициенттер.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1652/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1652/st-9)
