8-статья
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер- лерди пайдаланууда жер салыгын дифференциялоо үчүн экологиялык баалоо (К2) жана функциялык арналыш (К3) коэффициенттери колдонулат. Төмөнкудөй коэффициенттер белгиленсин:
1) экологиялык баалоо коэффициенти:
а) К2 = 2 автомобилдерге май куюучу бекеттер үчүн берилген жер
участкаларына;
б) К2 = 1,5 төмөнкүлөргө берилген жер участкалары үчүн:
- автосервис ишканаларына (техникалык тейлөө станциялары, автомо-
билдерди оњдоочу мастерскойлор, автомобиль жуучу жайлар, вулканизация станциялары);
- коомдук тамактануу, соода ишканаларына;
- тейлөө чөйрөсүнүн субъекттерине (сауналар, мончолор, химиялык
тазалоо, боео мастерскойлору);
- чакан базарларга, базарларга, анын ичинде мал базарларына, соо-
да-базар комплекстерине;
в) К2 = 0,01 Кыргыз Республикасынын коргоо-спорттук-техникалык
(КСТ) мекемелерине пайдаланууга берилген жер участкалары үчүн;
2) функциялык арналыш коэффициенти (К3):
төмөндөгүлөргө берилген жер участкалары үчүн:
- соода аянтына жараша дүкөндөргө, күркөлөргө, ларекторго жана
башка соода мекемелерине:
| Соода аянты (ч.м) | 10го | 10,1-20 | 20,1-35 | 35,1-50 | 50,1 ашык |
| чейин | |||||
| Коэффициенти | 15 | 11 | 7 | 5 | 4 |
- чакан базарлар, базарлар, соода базар комплекстери - 5;
- мал базарлары, тоют базарлары - 3;
- коомдук тамактануу мекемелери - 2;
- мейманканалар - 7;
- банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары - 5;
- оюн-зоок жайлары (казиио, түнкү клубдар) - 7;
- офистер, бизнес борборлору, биржалар - 2,5;
- автомай куюучу бекеттер - 5;
- айылдык мунайбазалар - 1,5;
- автомобилдерди токтотуучу жайлар, автосервис ишканалары - 3;
- жарнама курулмалары - 50;
- транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзал-
дар, автовокзалдар, автобекеттер, темир жол вокзалдары - 0,9;
- автотранспорттук ишканалардын, автобазалардын, автогараждардын
кызматтык-техникалык аянттары (администрациялык имараттар, кызмат- тык-техникалык имараттар, курулмалар, кампалык жайлар ж.б.) - 0,7;
- өнөр-жай, транспорт (кызматтык-техникалык имараттар, жүк терми-
налдарынын, дењиз портунун курулмалары), курулуш, байланыш жана энерге- тика ишканалары - 0,5;
- кен өнөр жай ишканалары, темир жол транспортунун жүк ташуучу бе-
кеттери, темир жана аба жолдор транспортунун санитардык коргоо зоналары
- 0,3;
- иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, иште-
тилген калдыктардын сакталмалары - 0,05;
- геологиялык чалгындоо, долбоордук-иликтөө, чалгындоо жана
изилдөө иштери - 0,005;
- байланыштын жана электр берүүнүн аба линиялары - 0,01;
- коммерциялык илимий (окуу жайлар), билим берүү (мектептер, бала
бакчалар), саламаттык сактоо, маданият, дене тарбиялык-спорт мекемелери
- 0,3;
- калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан айыл чарбасынын
өндүрүштүк имараттары (гараждар, оњдоо мастерскойлору, кырмандар, эгин тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарба короолору, жана башка айыл чарба багытындагы объекттер) - 0,2;
- коргоо-спорттук-техникалык мекемелер (КСТ) - 0,01.
Конкреттүү менчик ээлери жана пайдалануучулар үчүн жерге жыл са- йынкы салыктын суммасы (Н) төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Н = С х 5 х К1 х К2 х К3 (сом), мында:
С - жер салыгынын ставкасы (ч.м./сом); S - жер тилкесинин аянты ч.м. менен; К - коэффициенттер.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1652/st-8" title="8-статья - Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>