# 8-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти координациялоо жагындагы ыйгарым укуктуу орган

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.01.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467); 11.01.2018 [Закон КР от 11 января 2018 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/111736); 19.05.2011 [Закон КР от 19 мая 2011 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203273)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650#diff=1213496..1213497>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 8-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-8

---

1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча органдардын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ыйгарым укуктуу орган төмөндөгүдөй милдеттерди чечет:

а) Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин жана адамдарды сатуунун пайда болушуна жана адамдарды сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды табуу жана четтетүү боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштамаларды иштеп чыгат;

б) Кыргыз Республикасынын аймагында адамдарды сатуунун масштабдары, абалы жана тенденциялары жөнүндө маалыматты чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат;

в) адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап турушу үчүн башпаанектерди түзүү жөнүндө аткаруу бийлик органдарынын сунуштарын карап чыгат, ошондой эле адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча атайын мекемелердин аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык ишине жана иш жүргүзүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;

г) адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин даярдоого катышат;

д) адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;

е) адамдарды сатуунун көйгөйлөрү жөнүндө калктын кабардар болушун жогорулатуу боюнча өнөктүктү уюштурат.

3. (КР 2018-жылдын 11-январындагы N 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2018-жылдын 11-январындагы N 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 19-майындагы № 29, 2018-жылдын 11-январындагы N 2, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-9)
