# 7-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.01.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467); 11.01.2018 [Закон КР от 11 января 2018 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/111736); 18.11.2011 [Закон КР от 18 ноября 2011 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650#diff=1213496..1213497>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 7-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-7

---

1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет:

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, алардын сакталышына контролдук жүргүзүү;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө улуттук программаларды иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу;

- (КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана анын иштөөсүн камсыз кылуу;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эларалык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу;

- адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмин түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу.

2. Адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды коргоо жана аларга жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта:

- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгат жана кабыл алат;

- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү жана коргоо боюнча программаларды иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;

- адамдарды сатуунун курмандыктары болуп Кыргыз Республикасына кайтып келген адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат;

- адамдарды сатуунун курмандыктарынын кайтып келишинин механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзөт;

- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө контролду жүзөгө ашырат.

(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218, 2018-жылдын 11-январындагы N 2, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-8)
