# 5-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздери

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 5-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-5

---

1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракетинин биримдигин карайт.

2. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөндөгүлөргө негизденет:

- адамдын жана жарандын эркиндигин, өмүрүн жана ден соолугун коргоонун артыкчылыгына;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ишти социалдык, миграциялык жана экономикалык саясаттын башка багыттары менен координациялоого;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына көз карандысыз жана иштиктүү көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырууга;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу механизмди түзүүгө жана ишке ашырууга;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча улуттук программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү илим изилдөө иштерин каржылоого;

- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга акысыз медициналык жана укуктук жардам көрсөтүүгө жана аларды коргоого;

- адамдарды сатуу фактысы боюнча ар бир арызды териштирүүнүн жана эсепке алуунун милдеттүүлүгүнө жана ушунун негизинде анын себептерин жокко чыгаруучу чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, ошондой эле бул жөнүндө калкка билдирүүгө;

- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоого;

- укук коргоо, миграциялык жана башка тиешелүү органдарда адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча адистерди даярдоого;

- өкмөттүк эмес уюмдардын жана айрым адамдардын адамдарды сатуунун алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө багытталган ишине ар тараптан колдоо көрсөтүүгө;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча көйгөйлөрдү чечүүдөгү эл аралык кызматташтыкка.

II глава Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти уюштуруунун негиздери

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-6)
