# 31-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле ушундай аракеттерден жабыр тарткан адамдарды коргоо жана жардам көрсөтүү боюнча ишти каржылоо

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 31-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-31

---

1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле ушундай аракеттерден Жабыр тарткан адамдарды коргоо жана жардам көрсөтүү боюнча ишти каржылоо бюджеттик, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Адамдарды мыйзамсыз алып кетүүнүн жана сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти каржылоонун булактары төмөндөгүлөр болуп саналат:

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан адамдарды мыйзамсыз алып кетүүгө жана сатууга байланышкан иши үчүн соттордун чечими боюнча менчигинин түрүнө карабастан жеке жактын мүлкүн конфискациялоодон жана юридикалык жактын мамлекеттик мүлкүн кирешеге айландыруудан алынган каражаттар;

- эл аралык уюмдардын каражаттары;

- пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактар.

3. Адамдарды сатууга жана мыйзамсыз алып кетүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле ушундай аракеттерден жабыр тарткан адамдарды коргоо жана жардам көрсөтүү боюнча ишти каржылоо тиешелүү бюджеттерде өзүнчө сап менен бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттар (республикалык жана жергиликтүү бюджеттик каражаттар) адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашырган органдарды күтүү, илимий изилдөө иштерин каржылоо, адамдарды сатууга жана мыйзамсыз алып кетүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле ушундай аракеттерден жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды аткаруу учун пайдаланылат.

4. Өкмөттүк эмес уюмдар адамдарды мыйзамсыз алып кетүүнүн жана сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ушул аракеттерден жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча фонддорду түзүүгө укуктуу.

5. Фонддор республикалык жана жергиликтүү деңгээлдерде түзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-32)
