# 3-статья. Ушул Мыйзамдын негизги принциптери

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 ноября 2011 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650#diff=1213494..1213495>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 3-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-3

---

Ушул Мыйзам төмөндөгүдөй принциптерге негизденет:

- адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин конституциялык принциптерин кепилдикке алууга;

- адамдарды сатууну коомдук коркунучтуу жосун деп таанууга;

- адамдарды сатуунун бардык курмандыктарынын укугун коргоого;

- адамдарды мыйзамсыз алып кетүүдөн жана сатуудан жабыр тарткан бул адамдардын жүрүм-турумуна же адамдарды сатуучуларга каршы далилдерди берүүгө даяр экендигине карабастан алардын укуктарын толук урматтоо менен аларды коргоого жана жардам берүүгө;

- адамдарды сатканы үчүн сөзсүз жазалана тургандыгына;

- гуманизмге;

- адамдарды мыйзамсыз алып кетүүгө жана сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык укуктун ченемдерин сактоого;

- жарандардын адамдарды мыйзамсыз алып кетүүнүн жана сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишке катышуусуна;

- жарандардын өзүнүн эркиндиги, өмүрү жана ден соолугу, ошондой эле башка адамдардын эркиндиги үчүн жекече жоопкерчилигин түшүнө билүүнү калыптандырууга.

(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-4)
