# 28-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарына берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.01.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467); 19.05.2011 [Закон КР от 19 мая 2011 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203273)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650#diff=1213493..1213494>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 28-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-28

---

1. Адамдарды сатуунун курмандыктары колдонуудагы Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык сот, прокурор, тергөөчү тарабынан жабырлануучу катары таанылууга тийиш, укук коргоо органдары тарабынан кысмакка алынбашы же убактылуу кармап туруу жайларында (ИВС, СИЗО) кармалбашы керек.

2. Сот, прокурор, тергөөчү адамдарды сатат деп шек туудурган адамдарды табуу максатында тергөө жана алгачкы текшерүү органдары менен кызматташуу каалоосун билдирген адамдарды сатуунун курмандыктарына карата Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган коопсуздук чараларын көрөт.

3. Эгерде чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам адамдарды сатуунун курмандыгы болуп саналса, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жапа чегүүчү деп таанылса, жазык иши боюнча күбө болуп саналса, болбосо изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдарга жардам көрсөтүп жүрсө, изин суутпай-издөө ишин жүзөгө ашырып жаткан соттун, прокурордун, тергөөчүнүн жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдардын жүйөлөштүрүлгөн өтүнмөсү боюнча адамдарды сатууда күнөөлүү болгон мындай адамга карата жазык иши боюнча чечим чыкканга чейин депортация чаралары көрүлбөшү керек, ал эми адамдарды сатуу курмандыктарына ал адамдын Кыргыз Республикасына киришине байланыштуу жагдайларга карабастан Кыргыз Республикасында убактылуу болуу укугу берилүүгө тийиш. Тиешелүү органдын жүйөлөштүрүлгөн өтүнмө каты боюнча ушундай адамга карата, эгерде адамдарды сатуу фактысы боюнча жазык иши козголсо жана адамдарды сатуу курмандыгынан жапа чеккен же адамдарды сатуу фактыларын ачып билүүдө же адамдарды саткандарды издөөдө изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдарга жардам көрсөткөн адам деп таанылса, адамдарды сатуу менен байланышкан укук бузуулар үчүн административдик жаза дайындоо жөнүндө токтомду аткаруу кыскартылат.

4. Мыйзамдарда белгиленген тартипте компетенциясына жашап турууга виза берүү маселелери кирген ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жаранга же адамдарды сатты деп күнөөлөнгөн адамдын (адамдардын) бетин ачууда тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына көмөк көрсөткөн, адамдарды сатуунун курмандыгы болуп саналган жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасында туруу мөөнөтү эсепке алынбастан бир жерде жашап турууга уруксат жол-жоболоштурулат жана берилет.

5. Ушул статьянын экинчи пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасында болуу тартиби адамдарды сатуунун курмандыгы болуп саналган, бирок өзүнүн инсандыгын ырастаган документи болбогон жана өзүнүн инсандыгын аныктоодо компетенттүү органдарга көмөк көрсөтүүдөн баш тарткан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга колдонулбайт. Мындай учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан аларга жарандыгы жок адамдын күбөлүгү берилет.

6. (КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 19-майындагы № 29, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) VII глава Кыргыз Республикасынын адамдары сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча эларалык кызматташтыгы

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-29)
