# 27-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдарга жардам көрсөтүү

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.01.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467); 18.11.2011 [Закон КР от 18 ноября 2011 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650#diff=1213494..1213495>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 27-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-27

---

1. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдарга жардам көрсөткөн учурда баланын артыкчылыктуу таламдарына жана баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына ылайык бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.

2. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктары болгон бала жөнүндө маалымат аларга келип түшсө, ыйгарым укуктуу орган, башпаанек жана борборлор Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык баланын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо максатында балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча органдарга дароо билдирүүгө милдеттүү.

3. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдарды башпаанекке жайгаштырган учурда алар өзүнөн улуулардан бөлөк жайгаштырылууга тийиш.

4. Башпаанекке жайгаштырылган адамдарды сатуунун курмандыктарынан болгон балдар "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамга ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарына баруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз болушат.

5. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдар ата-энесинин көзөмөлсүз калса, же өз үй-бүлөсү кайда экенин билбесе, баланын үй-бүлөсүн издеп табуу, болбосо Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-28)
