# 26-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү жана коргоо боюнча милдеттери

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 26-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-26

---

1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери адамдарды сатуунун курмандыктары болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана таламдарын алардын барган мамлекетинде коргоо жана алардын Кыргыз Республикасына кайтып келишине көмөк көрсөтүү боюнча ишти өздөрүнүн ыйгарым укуктарына жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

2. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын инсандыгын ырастаган документтери жоголсо же адамдарды сатуучулардан кайра алууга мүмкүнчүлүк болбосо, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери ички иштер маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары менен бирдикте мындай жарандарга Кыргыз Республикасына кайтып келишине укук берген документтерди кыска мөөнөттүн ичинде жол-жоболоштурат жана берет.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери алар барган мамлекеттин тиешелүү аткаруу бийлик органдарына адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралу маалыматты берүүгө, ошондой эле тиешелүү адамдардын арасында адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктары жөнүндө маалыматты жайылтууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-27)
