# 24-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"](https://aqlex.ai/kg/doc/112467)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 24-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-24

---

1. Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо алардын кадимкидей жашоосун калыбына келтирүү максатында жүргүзүлүп, аталган адамдарга укуктук жардам көрсөтүүнү, психологиялык, медициналык, кесиптик жактан реабилитациялоону, ишке орноштурууну, турак жай берүүнү өзүнө камтыйт.

2. Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоону жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-25)
