# 23-статья. Коомдук бирикмелер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 ноября 2011 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650#diff=1213494..1213495>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 23-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-23

---

1. Ушул Мыйзамдын 19 жана 20-статьяларында каралган башпаанектерди жана борборлорду түзгөн учурда ыйгарым укуктуу орган коомдук бирикмелерди жана адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө иштеген өкмөттүк эмес уюмдарды кызматташууга тартууга жана адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүгө укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу орган адамдарды сатуунун алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө жана адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүүгө багытталган коомдук бирикмелердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине уюштуруучулук, материалдык жана дагы башка жагынан көмөк көрсөтөт.

3. Эгерде коомдук бирикме же өкмөттүк эмес уюм тарабынан сунуш кылынган адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү же башпаанектерди же борборлорду түзүү боюнча ачык конкурс менен өткөрүлгөн иш-чаралардын программасы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программага же башка мамлекеттик программаларга киргизилсе коомдук бирикмеге же мамлекеттик эмес уюмга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен финансылык колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VI глава Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо жана коргоо

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-24)
