# 22-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарына колдоо көрсөтүү жана жардам берүү борборлору

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 22-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-22

---

1. Адамдарды сатуунун курмандыктарына колдоо көрсөтүү жана жардам берүү борборлору (мындан ары - борборлор) ыйгарым укуктуу орган же коомдук бирикмелер тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

2. Борборлордун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

а) адамдарды сатуунун курмандыктарынын таламдарын коргогон колдонулуп жаткан сот жана административдик жол-жоболор жөнүндө жеткиликтүү формада маалымат берүү;

б) квалификациялуу психиатриялык жана медициналык жардам көрсөтүү;

в) адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо.

3. Борборлордун ишин каржылоо уюмдаштыруучулардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-23)
