21-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктары убактылуу жашап туруучу башпаанек
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8
1. Адамдарды сатуунун курмандыктары убактылуу жашап туруучу башпаанек (мындан ары - башпаанек) адамдарды сатуунун курмандыктары жашап турушуна жана жеке гигиенасына цивилизациялуу шарттарды түзүп берүү, башпаанекте жашап турган адамдарга тамак-аш жана дары-дармек каражаттарын берүү, кечиктирилгис медициналык, психиатриялык, социалдык, юридикалык жана башка жардамдарды көрсөтүү, алардын коопсуздугун коргоо, ошондой эле туугандары же мыйзамдуу өкүлдөрү менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү максаттарында мамлекеттик, муниципалдык орган жана коомдук бирикме түзүлөт.
2. Башпаанек:
а) тийиштүү аткаруу бийлик органынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан;
б) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик же муниципалдык менчик формасында юридикалык жак тарабынан түзүлөт.
3. Башпаанек өзүн адамдарды сатуунун курмандыгы болдум деп тапкан адамдын жүрүм-турумуна же адамдарды сатууга каршы көрсөтмөлөрдү берүүгө анын даяр экендигине карабастан отуз күндүк мөөнөткө анын жеке өтүнүчү же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча берилет.
4. Ушул статьянын үчүнчү пунктунда белгиленген башпаанек берүүнүн (мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын, тергөө органынын же соттун сунушу боюнча же адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жүйөлөштүрүлгөн өтүнмөсү боюнча иш өндүрүшүн жүргүзүүнүн бардык мезгилине узартылышы мүмкүн.
5. Башпаанекти уюштуруунун эрежеси, анын иш жүргүзүү, башкаруу тартиби, каржылоонун ченемдери жана алардын ишине контролду уюштуруу ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"
- Закон КР от 18 ноября 2011 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-21" title="21-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>