# 18-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча чаралар

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартынын № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1581/edition/1213493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1650/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, 18-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-18

---

Паспорттук - визалык, чегара жана бажы контролун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдары адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөндөгү иш-чараларды:

- башка адамдарга, адамдарды сатуучуга же ушундай сатуунун курмандыктарына таандык болгон документтер менен же документтерсиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасына кирүүгө/чыгып кетүүгө аракет жасаган же өтүп кеткен адамдарды табуу жана эсепке алуу боюнча;

- адамдарды сатуу менен байланышкан укук бузууларды болтурбоо боюнча чаралардын тутумдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жагындагы маалыматтык-талдоо жүргүзүү иши боюнча;

- адамдарды сатууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча;

- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен эриш-аркак аракеттенүү боюнча иштерди уюштурат жана жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1650/st-19)
