Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча чаралар
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
Паспорттук - визалык, чегара жана бажы контролун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдары адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөндөгү иш-чараларды:
- башка адамдарга, адамдарды сатуучуга же ушундай сатуунун курмандыктарына таандык болгон документтер менен же документтерсиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасына кирүүгө/чыгып кетүүгө аракет жасаган же өтүп кеткен адамдарды табуу жана эсепке алуу боюнча;
- адамдарды сатуу менен байланышкан укук бузууларды болтурбоо боюнча чаралардын тутумдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жагындагы маалыматтык-талдоо жүргүзүү иши боюнча;
- адамдарды сатууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен эриш-аркак аракеттенүү боюнча иштерди уюштурат жана жүргүзөт.
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы №14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы…Постановление · 14.01.2013 · № 14 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-18" title="18-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>