14-статья. Адамдарды саткандыгы үчүн уюмдун-юридикалык жактын жоопкерчилиги
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
1. Билип туруп адамдарды сатууну калкалоого кызмат кылган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар уюм - юридикалык жак аркылуу адамдарды сатуу фактысы сот тарабынан аныкталган учурда мындай юридикалык жак соттун чечиминин негизинде жоюлууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каттоодон өткөн эларалык уюмдун (анын бөлүмүнүн, филиалынын, өкүлчүлүгүнүн) адамдарды сатууга көзкөрүнөө катышканы сот тарабынан таанылган учурда мындай эларалык уюмдун (анын бөлүмүнүн, филиалынын, өкүлчүлүгүнүн) Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат.
3. Ушул статьянын биринчи жана экинчи пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында турган уюмдун - юридикалык жактын, эларалык уюмдун (анын бөлүмүнүн, филиалынын, өкүлчүлүгүнүн) мүлкү соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине айланат.
4. Адамдарды сатууга катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында турган уюмдун - юридикалык жактын, эларалык уюмдун (анын бөлүмүнүн, филиалынын, өкүлчүлүгүнүн) жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же ага баш ийген прокурор тарабынан сотко жөнөтүлөт.
5. Ушул статьянын үчүнчү пунктуна ылайык конфискацияланган мүлктөрдү сатып өткөрүүдөн алынган каражаттар:
а) адамдарды сатуунун курмандыктарына компенсация, рестутиция жана келтирилген чыгымдын ордун толтуруу төлөмдөрүнө;
б) адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашырган атайын мекемелерди каржылоого;
в) адамдарды сатууга жана адамдарды сатуу менен байланышкан дагы башка укукка каршы жосундарга каршы күрөштү ишке ашырган укук коргоо органдарынын бөлүмчөлөрүн каржылоого;
г) адамдарды сатууга түрткү болгон себептерди жана шарттарды четтетүү, ошондой эле адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдар менен иштөө үчүн түзүлгөн коомдук жана башка уюмдарды колдоо боюнча программаларды жүзөгө ашырууну камсыз кылууга жумшалат.
IV глава Адамдарды сатуунун алдын алуу
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-14" title="14-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>