Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 27 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө Нускоо бекитилсин) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2009-жылдын 10-февралы ПБ № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө Нускоо бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 19-августундагы № 285 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө Нускоодо:
2-пункттун экинчи абзацында "Жогорку Кеңешинин депутаттары" деген сөздөр "Жогорку Кеңешинин комитеттери жана фракциялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтарында, 3-пунктта, 5-пункттун экинчи абзацында, 17-пунктта, 20-пункттун бешинчи абзацында, 21-пункттун биринчи абзацында "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч тартибин тиешелүү мамлекеттик органдар аныктайт."; 7-пункттун биринчи абзацында "тогузунчу же онунчу баласынын туулгандыгы тууралу күбөлүктүн нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү" деген сөздөр "бардык балдарынын туулгандыгы тууралу күбөлүктөрүнүн нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 8-пункттун биринчи абзацы "көрсөткөндүгү үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле сиңирген зор эмгеги, өндүрүштүн жана социалдык-маданий чөйрөнүн тармактарында жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн" деген сөздөр менен толукталсын; 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "11. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын жана администрациялык-аймактык бирдиктерин, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды сыйлыкка көрсөтүү жалпы негиздерде жүргүзүлөт."; сыйлоо барагынын (№ 1 форма) 17-пунктунда "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 27 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын
жана алардын документтерин эсепке алуу жана сактоо
тартиби жөнүндө
НУСКОО
Бул Нускоо менен белгиленген эсепке алуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана алардын документтеринин бардык түрлөрүнө жайылтылат.
I. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында,
облустук мамлекеттик администрацияларда, Бишкек жана Ош
шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда, жергиликтүү
кеңештерде, министрликтерде, администрациялык ведомстволордо
жана аткаруу органдарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарын жана алардын документтерин
эсепке алуу жана сактоо
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин сактоо аларды уурдоодон, өрттөн жана бузулуудан толук сакталышын эске алуу менен уюштурулууга тийиш. Мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери атайын жабдылган жайларда металл шкафтарда же сейфтерде сакталууга тийиш. Алар сакталып турган жай, металл шкафтар жана сейфтер жумуш күнү аяктагандан кийин мөөр же пломба басылып бекитилүүгө тийиш. Сактоо материалдык жактан жооптуу адамдарда топтолууга тийиш. Администрация бул адамдар менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерди түзүүгө тийиш.
Мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери сакталган жерлерге бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол берилбейт.
2. Мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтерин сакталышы үчүн материалдык жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин камсыз кылуу боюнча адистер тобундагы мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысы, ал эми облустук мамлекеттик администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда, жергиликтүү кеңештерде, министрликтерде, администрациялык ведомстволордо жана аткаруу органдарында мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин сакталышы үчүн жооптуу кызматкер тартат.
3. Мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин эсепке алынышы жана сакталышы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасында, облустук мамлекеттик администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда, жергиликтүү кеңештерде, министрликтерде, администрациялык ведомстволордо жана аткаруу органдарында жүргүзүлөт.
4. Сыйлангандарга мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин тапшыруу үчүн аларды берүүнүн жана жөнөтүүнүн төмөнкүдөй тартиби белгиленет: Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин мамлекеттик сыйлык фондунун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына берет же фельдъегердик байланыш кызматтары аркылуу жөнөтмө менен облустук мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна, жергиликтүү кеңештерге, министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу органдарына талаптын (№ 3 форма) негизинде жөнөтөт.
5. Мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында кабыл алуу - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын башчысынын, мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысынын, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын кызматкеринин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бухгалтериясынын кызматкеринин курамындагы, ал эми жер-жерлерде мамлекеттик сыйлыктарды сактоо үчүн жооптуу кызматкердин, тиешелүү органдын бухгалтериясынын кызматкеринин же жооптуу кызматкеринин курамындагы комиссия жүргүзөт.
Жөнөтмөлөрдү ачуунун алдында комиссия таңгактардын, пломбалардын, мөөрлөрдүн сакталгандыгын текшерүүгө тийиш. Жөнөтмөлөрдө мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин бар болушу жөнөтмөлөрдүн бирине салынган накладной (№ 3 форма) менен текшерилет. Ар бир жөнөтмөнүн пломбасы, этикеткасы жана таңгактоочу талону анын курамын текшерүүнүн аягына чейин сакталууга тийиш. Кабыл алынган мамлекеттик сыйлыктарга жана алардын документтерине кабыл алуу жөнүндө акт (№ 1 форма) түзүлөт. Мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери кабыл алуу жөнүндө актынын көчүрмөсү менен бирдикте мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысына же аларды сактоо үчүн жооптуу кызматкерге кол койдуруу менен берилет. Мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысы мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин кабыл алгандан кийин мамлекеттик сыйлыктарды алуу жана тапшыруу жөнүндө отчетто (№ 5 форма) кириштөө эсебин жүргүзөт, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жөнөтүлөт. Жер-жерлерде мамлекеттик сыйлыктарды сактоо үчүн жооптуу кызматкер кабыл алынган мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин алардын түрлөрү боюнча жазат жана аларды алгандыгы жөнүндө ырастоону (№ 4 форма) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына жөнөтөт.
6. Кабыл алуу жөнүндө актыны тиркөө менен мамлекеттик сыйлыктардын келип түшкөндүгү жөнүндө мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысынын отчетунун негизинде бухгалтерия кириштөөдө эсеби боюнча тиешелүү эсепти жүргүзөт.
7. Мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысы берилген же жөнөтмө менен жөнөтүлгөн мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери боюнча талаптын негизинде сыйлангандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча тапшырманын андан аркы аткарылышына контролдукту жана алардын эсебин жүргүзөт.
Облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу, жергиликтүү кеңештер, министрликтер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу органдары мамлекеттик сыйлыктарды тиешелүү кабыл алууну жүргүзөт (5-пункт, экинчи, бешинчи абзацтар). Сыйлангандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыргандан, тапшыруу протоколдорунун жана сыйлангандардын эсепке алуу карточкаларын толтургандан кийин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруунун тууралыгын текшерет, андан соң аларды мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысына өткөрүп берет (жөнөтөт). Облуста, Бишкек жана Ош шаарларында, жергиликтүү кеңештерде, министрликтерде, администрациялык ведомстволордо жана аткаруу органдарында жүргүзүлгөн тапшыруулардын протоколдорунун, ошондой эле отчеттук мезгилдин ичинде келип түшкөн ырастоолордун негизинде мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысы мамлекеттик сыйлыктарды алгандыгы жана тапшыргандыгы жөнүндө отчетту (№ 5 форма) түзөт, отчеттук мезгилден кийинки айдын онунчу числосунан кечиктирбестен аны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына берет.
8. Бухгалтерия талаптар тиркелген отчеттордун, тапшыруу протоколдорунун, ырастоолордун негизинде мамлекеттик сыйлыктарды алуу жана тапшыруу жөнүндө отчет (№ 5 форма) боюнча тапшырылган мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынан жокко чыгарат.
9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин бир аткаруу органынан башкасына же башка мамлекеттерге жөнөтүүгө уруксат берилбейт.
10. Мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин эсепке алуунун жана сактоонун абалы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусуна, облустук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, жергиликтүү кеңештердин башчыларына, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
II. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарын жана алардын документтерин түгөлдөө
11. Жыл сайын 1-январга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар фондунда, зарылчылык болгон учурда облустук мамлекеттик администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда, жергиликтүү кеңештерде, министрликтерде, администрациялык ведомстволордо жана аткаруу органдарында мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин бар экендигин түгөлдөө жүргүзүлөт. Мындан тышкары, түгөлдөө материалдык жактан жооптуу адамдар алмашкан учурда, мамлекеттик сыйлыктар же алардын документтери жоголгондугунун фактылары белгиленген учурда, ошондой эле башка зарыл учурларда жүргүзүлөт.
Мамлекеттик сыйлыктар фондунда түгөлдөөнү жүргүзүү үчүн - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин, ал эми жер-жерлерде облустук мамлекеттик администрациянын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, жергиликтүү кеңештин башчысынын, министрликтин, администрациялык ведомствонун жана аткаруу органынын жетекчисинин буйругу менен түгөлдөөчү комиссия түзүлөт, мында бухгалтериянын кызматкери милдеттүү түрдө катышат. Мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин бар экендигин түгөлдөө материалдык жактан жооптуу, түгөлдөө комиссиясынын мүчөсү болуп саналбаган адамдын милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
12. Түгөлдөө комиссиясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- колдо болгон эсептерде жүргөн мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин калдыктарынын ылайык келишин документтер боюнча текшерүүгө;
- мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин сактоо жери боюнча түгөлдөө ведомостторун түзүүгө;
- иш жүзүндө колдо болгондор эсепке алуунун маалыматтары менен дал келбеген учурда актыда дал келбегендиктин (кемип калуу, ашып кетүү ж.б.) себептерин белгилөөгө.
13. Комиссиянын ишинин натыйжалары актыда чагылдырылат, анын бир нускасы мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин сакталышы үчүн жооптуу адамга тапшырылат, ал эми экинчи нускасы салыштыруу ведомостун түзүү үчүн бухгалтерияга берилет.
Түгөлдөө актыларына комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюуга тийиш, ал эми материалдык жактан жооптуу адам төмөнкүдөй мазмундагы тилкат берет: "Ушул актыда саналган Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик сыйлыктары жана алардын документтери менин катышуумда текшерилди, буга байланыштуу түгөлдөө комиссиясына эч кандай дооматым жок. Менин жооптуу сактоомдо турган бардык мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери комиссияга толугу менен көрсөтүлдү.". Түгөлдөө комиссиясына дооматтар болгон учурларда материалдык жактан жооптуу адам өзүнүн өзгөчө пикирин баяндоо менен түшүндүрмө катын түгөлдөө актысына тиркөөгө укуктуу.
14. Мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин түгөлдөөнүн натыйжаларын айкындоо үчүн бухгалтерия салыштыруу ведомостторун, ошондой эле түгөлдөөнүн жыйынды актысын (№ 6 форма) түзөт, ага колдо болгон мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Түгөлдөөнүн жыйынды актыларын тиешелүү органдардын жетекчилери бекитет. Бардык кемип калуулар жана ашып кетүүлөр боюнча тиешелүү кызматкерлерден жазуу жүзүндөгү түшүндүрүүлөр, кызматтык тергөөнүн натыйжалары жана конкреттүү көрүлгөн чаралар жөнүндө материалдар тиркелүүгө тийиш.
15. Облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу, жергиликтүү кеңештер, министрликтер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу органдары түгөлдөөнү жүргүзгөндөн кийин 15 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына түгөлдөөнүн жыйынды актыларын жөнөтөт.
Зарыл учурларда түгөлдөөнүн жыйынды актыларына түшүндүрмө кат тиркелет. III. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
жана алардын документтери кемип калышына, аларды
алмаштырууга же жоготууга байланыштуу документтерди
толтуруу тартиби
16. Түгөлдөө комиссиясы облустук мамлекеттик администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда, жергиликтүү кеңештерде, министрликтерде, администрациялык ведомстволордо жана аткаруу органдарында мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери бар жөнөтмөлөрдү ачкан учурда тапкан, накладною бар мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин кемип калышы же болушунун ылайык келбегендиги акты менен таризделет, ал эки нускада түзүлөт, актынын бир нускасы, жөнөтмөнүн пломбасы, этикеткасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жөнөтүлөт. Пломбасы жана этикеткасы жок жөнөтмөнүн кемип калууларына же аларды алмаштырууга дооматтар каралбайт.
17. Облустук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, жергиликтүү кеңештердин, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу органдарынын жоготулган мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин өздөрүнүн отчетунан жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөрү жоготуунун себептери жана кырдаалдары, конкреттүү күнөлүүлөр, маселени карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө толук маалыматты камтууга тийиш.
Өтүнүчкө жетекчи кол коет жана ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлөт.
18. Тигиндей же мындай себептерден улам жоготулган мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин облустук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, жергиликтүү кеңештердин, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу органдарынын отчетунан жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы карайт.
№ 1 Форма
КАБЫЛ АЛУУ АКТЫСЫ № ___ __________________________________________________________________ (алуучу мекеменин аталышы) 20___-ж. ___________________________________ № ____ коштомо боюнча __________________________________________________________ кабыл алынды (уюмдун, мекеменин аталышы)
| Мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин аталышы | Документтери боюнча саны | Кабыл алынды (жазуу түрүндө) |
Комиссиянын мүчөлөрү:
1. _______________________________________ _____________________
(Ф.А.Ж., кызмат орду) (кол тамгасы)
2. _______________________________________ _____________________
(Ф.А.Ж., кызмат орду) (кол тамгасы)
3. _______________________________________ _____________________
(Ф.А.Ж., кызмат орду) (кол тамгасы)
"Кабыл алынды" графасындагы көрсөтүлгөн сыйлыктарды алдым:
Мамлекеттик сыйлыктардын эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жооптуу кызматкер _______________________ (Ф.А.А.)
20__-ж. "_____" _____________
№ 2 Форма Бухгалтерияга кайтарылып берилет жана күбө документи катары сакталат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАСЫ
ТАЛАП КЫЛУУ КАГАЗЫ № ___
20__-жылдын "____" ________________________ № _____ Жарлыгы боюнча _______________________________________________________________ бергиле (Ф.А.Ж., кызмат орду) _______________________________________________________________________ (уюмдун, мекеменин аталышы) _____________________________________________________________ жөнөткүлө
| Мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин аталышы ├──────────────┬────────────────┤ | Саны талап кылынат | берилди (жазуу түрүндө) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгынын башчысы ___________________ (Ф.А.Ж.)
"Берилди" графасындагы көрсөтүлгөн сыйлыктарды
Бердим (жөнөттүм): Мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысы ___________________ (Ф.А.Ж.)
М.О.
Алдым: ___________________________________ _________________________ (кызмат орду) (Ф.А.Ж.)
20__-ж. "_____" _____________
Алуучунун колуна берилет № 3 Форма
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ИШ БАШКАРМАСЫ
20____-ж. "____" ________________
КОШТОМО № ____
__________________________________________________________ берилди (Ф.А.Ж., кызмат орду) _______________________________________________________________________ (уюмдун, мекеменин аталышы) _____________________________________________________________ жөнөтүлдү
| Мамлекеттик сыйлыктардын жана алардын документтеринин аталышы ├──────────────┬────────────────┤ | Саны талап кылынат | берилди (жазуу түрүндө) |
"Берилди" графасындагы көрсөтүлгөн сыйлыктарды
Бердим (жөнөттүм): Мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысы ___________________ (Ф.А.Ж.)
М.О.
Алдым: ___________________________________ _________________________ (кызмат орду) (Ф.А.Ж.)
20__-ж. "_____" _____________
№ 4 Форма Бир жумалык мөөнөттө кайтарылууга тийиш
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАСЫ
ЫРАСТОО КАГАЗЫ № ___ __________________________________________________________________ (жөнөткөн мекеменин аталышы) № _____ реестри боюнча фельдбайланыш аркылуу биздин дарекке Сиздер жөнөткөн төмөндөгү мамлекеттик сыйлыктарды жана аларга документтерди 20___-жылдын "___" ____________ алгандыгыбызды жана кириштегенибизди ырастайбыз:
| Мамлекеттик сыйлыктар жана аларга документтердин аталышы | Саны | Саны жазуу түрүндө (кабыл алуучу толтурат) |
Жетекчи _____________________________ ___________________ (Ф.А.Ж., кызмат орду) (колтамгасы)
М.О.
Башкы (улук) бухгалтер ____________________________ ___________________ (Ф.А.Ж.) (колтамгасы)
20__-ж. "_____" _____________
№ 5 Форма
"БЕКИТЕМ"
Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча
Комиссиянын катчылыгынын башчысы
________________________________
(колгамгасы Ф.А.Ж)
20___-жылдын "___" ___________
__________________________________
(отчеттук мезгилдин ичинде)
Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча
Комиссиянын катчылыгынын башчысы алган
жана тапшырган мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө
ОТЧЕТ
| Дата- сы (кү- нү, айы) | Документтин аталышы, номери | "Кыргыз Республи-├──────┬────┬────┬──────┬─────┼────┬──────┬ касынын Баатыры" ЖАБ, "Ак- Шумкар" өзгөчө белгиси | Ордендер I да- ража- дагы "Ма- нас" | Медалдар II да- ра- жа- да- гы "Ма- нас" | III да- ра- жа- да- гы "Ма- нас" | "Дана- кер" | "Баа- тыр эне" | "Эр- дик" | "Даңк" |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| Мезгилдин башта- лышында калдыгы: | |||||||||
| Кириши: | |||||||||
| Чыгышы: | |||||||||
| Бардыгы: | |||||||||
| Мезгилдин аякта- лышында калдыгы: | |||||||||
| Ардактуу ┬──────┬──────────┬──────────┬────────┬─────────┤наамга "Эне даңкы" | КР ардактуу наамынын I даража- дагы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" | II даража- дагы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" | "Эмгек арда- гери" | "Кайрым- дуулук үчүн" | төш белги | грамотасы (бланк) | |||
| 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | |||
| КР ар- дактуу наамы- нын папка- сы | КР Ардак гра- мотасы (бланк) | КР Ардак грамо- тасы- нын папка- сы | КР мамле- кеттик├───────┬──────┬─────┬───────┤ сый- лык- тары- нын барды- гы | Мамсыйлыктардын документтери тын ЖАБнын күбөлү- гү | Лента Орден китеп- чеси | Сый- лык- Ме- дал- дын күбө- лүгү | Ардак- туу наамдын күбөлү- гү | ко- роб- кала- ры | |
| 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 |
Мамлекеттик сыйлыктар фондунун башчысы _____________ ______________________ (колтамгасы) (Ф.А.Ж.)
№ 6 Форма
"БЕКИТЕМИН" _________________________ (Ф.А.Ж., кызмат орду) _____________________ (колтамгасы) 20___-ж. "____" _______
М.О.
__________________________________________________________________ (мекеменин аталышы) 20___-жылдын 1-январына карата
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарын жана алардын документтерин
ТҮГӨЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫК АКТЫСЫ
| Мамлекеттик сыйлыктардын жана аларга документтердин аталышы ├───────────┬────────┬────┼─────┬───────┤ | Сыйлыктардын болгону мамлекеттик сыйлыктар- дын фондунда | Жыйынтыгы жер-жер- лердеги- си | бар- дыгы | ашыгы | жетпе- гени |
Түгөлдөө комиссиясы:
1. _________________________________________ ___________________
(Ф.А.Ж., кызмат орду) (колтамгасы)
2. _________________________________________ ___________________
(Ф.А.Ж., кызмат орду) (колтамгасы)
3. _________________________________________ ___________________
(Ф.А.Ж., кызмат орду) (колтамгасы) Башкы (улук) бухгалтер _______________________________ (Ф.А.Ж.) 20__-ж. "___" ____________
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Инструкция о порядке представления к государственным наградам Кыргызской Республики и их вручения (Утверждена распоряжением Президента Кыргызской Республики от 19 августа 1996…Инструкция · 19.08.1996 · № 285
- КР Президентинин 2019-жылдын 23-сентябрындагы ПБ № 204 (Айрым буйруктардын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.09.2019 · № ПБ № 204
- Распоряжение Президента КР от 19 августа 1996 года N РП-285 "Об утверждении инструкций "О порядке представления к государственным наградам Кыргызской Республики и их вручения" и…Распоряжение · 19.08.1996 · № 285 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 мая 2017 года № 295 "О проектах законов Кыргызской Республики "О государственных наградах и почетных званиях Кыргызской Республики" и "О…Постановление · 18.05.2017 · № 295 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2019-жылдын 23-сентябрындагы ПБ № 204 (Айрым буйруктардын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.09.2019 · № ПБ № 204
- Распоряжение Президента КР от 19 августа 1996 года N РП-285 "Об утверждении инструкций "О порядке представления к государственным наградам Кыргызской Республики и их вручения" и…Распоряжение · 19.08.1996 · № 285 · Күчүн жоготкон
- О государственных наградах Кыргызской РеспубликиЗакон · 06.07.1996 · № 37 · Күчүн жоготкон