# КР Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы ПБ № 19 (М.Т. Конгантиев жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы ПБ № 19 (М.Т. Конгантиев жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/16451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-2612/edition/512811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/16451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы ПБ № 19 (М.Т. Конгантиев жөнүндө) буйругу (21.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/16451

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 21-январы ПБ № 19

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы № 480 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөшү жөнүндө Жобонун 30-главасынын 94-пунктунун "б" пунктчасын жана 31-главасынын 99-пунктунун "а", "б", "в" жана "г" пунктчаларын, 31-главасынын 100-пунктун конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 12-беренесинин 2-пунктуна, 3-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбек Акундун Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотуна сунушун кароо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунда Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлчүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунда Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Конгантиев Молдомуса Ташболотович дайындалсын.

2. М.Т.Конгантиевге ыйгарым укуктарды башка жакка же жактарга берүүдөн тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан "Кыргыз Республикасындагы конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган бардык процесстик иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлүнүн ишин маалыматтык-талдоо жана башка жактан камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
