# 3-статья. Атайын жоболор

- Документ: [Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1645)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартынын № 50 "Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.03.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1576/edition/284858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1645/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө, 3-статья (12.03.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-3

---

Төмөндөгүлөрдүн карыздары кайра түзүмдөштүрүлбөйт:

- өз ишин Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдердин жана дагы башка актылардын жоболоруна жана жеңилдиктер каралган башка макулдашууларга ылайык жүргүзүшкөн субъекттердин;

- "Кыргызмунайгаз" акционердик коомун жана "Баткенмунайгаз" акционердик коомун кошпогондо, акцизделүүчү товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү менен алектенген субъекттердин;

- салык салынышы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынуучу алардын субъекттеринин;

- ишинин негизги түрү соода болгон, анын кирешеси бардык түшкөн акчасынын кеминде 75 пайызын бере турган субъекттердин;

- ишинин негизги түрү көмүр казып алуу болгон (мамлекеттин үлүшү болбогон) субъекттердин;

- ишинин негизги түрү мейманкана кызматын көрсөтүү болуп саналган субъекттердин;

- "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталышкан чет өлкөлүк ишканалардын жана чет өлкөлүк инвесторлордун.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-4)
