# 2-статья. Карызды кайра түзүмдөштүрүү тартиби

- Документ: [Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1645)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартынын № 50 "Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.03.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1576/edition/284858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1645/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө, 2-статья (12.03.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-2

---

1. Салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнча карызды тындырган салык төлөөчүнүн пайыздары, финансы жана айып санкциялары төмөндөгүдөй тартипте эсептен чыгарылат:

а) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары -100 пайызга;

б) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары - 80 пайызга;

в) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары - 50 пайызга.

2. 2005-жылдын 1-январына карата салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнча карызы жок салык төлөөчүнүн пайыздары, финансы жана айып санкциялары ушул статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасында аныкталган тартипте эсептен чыгарылат.

3. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган карыз кайра түзүмдөштүрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-статьясынын талаптарына ылайык төлөө мөөнөтүн узартуу укугуна ээ.

4. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 же 2-пункттарында каралган бир жолку гана кечүү жана ушул статьянын 3-пунктуна ылайык төлөө мөөнөтүн бир жолку узартуу укугунан пайдаланат.

5. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча кайра түзүмдөштүрүлүүчү карызды тындыруу мөөнөтү болуп казыналыктын региондук бөлүмүнүн эсебине кириштелген күн эсептелинет.

6. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү карызды тындыруу максатында ашыкча төлөөнүн суммасына КНСтин нөлдүк ставкасы менен жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайда болгон ашыкча төлөө киргизилет.

7. Салык төлөөчүнүн карыз боюнча ашыкча төлөгөндөрү төмөндөгүдөй пайдаланылат: өзүнчө салык боюнча карыз тындырылат, анан ошол карыз боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана салыктардын ставкаларын жөнгө салуучу жана аларды администрациялоонун дагы башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык кошуп эсептелген пайыздар жана айып санкциялары боюнча карыз тындырылат.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-3)
