# 1-статья. Жалпы жоболор

- Документ: [Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1645)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартынын № 50 "Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.03.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1576/edition/284858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1645/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө, 1-статья (12.03.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-1

---

1. Юридикалык жана жеке жактардын карыздары кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш.

2. Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

карызды кайра түзүмдөштүрүү - төлөө мөөнөтүн узартуу же карыздын бир бөлүгүн кечүү; пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63-статьясына жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 118-статьясына ылайык бюджетке салыктарды жана жыйымдарды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген суммалар; финансы жана айып санкциялары - Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарын бузгандык үчүн кошуп эсептелген суммалар; карыз - кошуп эсептелген салыктар, учурдагы төлөмдөр боюнча милдеттенмелер, 2005-жылдын 1-январына карата болгон пайыздар, финансы жана айып санкциялары; ашыкча төлөө - 2005-жылдын 1-январына карата кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш болгон карыздын суммасынан ашыкча төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1645/st-2)
