# 86-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: V БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 86-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-86

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2005-жылдын 18-мартында № 23 жарыяланды

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 97-ст.);

- "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 233-ст.);

- "Ипотека жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 438-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2001-жылдын 21-июлу, № 53);

- "Ипотека жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 122-ст.);

3. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин бул мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген жагы колдонулат.

4. Эгерде тараптардын макулдашуусу менен башкасы каралбаса, ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин күрөө боюнча мамилелерге карата бул Мыйзам колдонулбайт.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-85)
