# 84-статья. Күрөө жөнүндөгү келишимдин өзгөрбөстүгү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 84-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-84

---

1. Келишим түзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен күрөө берүүчүнүн жана/же күрөө кармоочунун келишимдик укуктарын өзгөртүүчү жаңы эрежелер белгиленген учурда, күрөө жөнүндө түзүлгөн келишимдин шарттары анын иштөө мөөнөтүнүн аягына чейин өзгөрүүсүз сакталат, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкасы каралбаса.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары же алардын кызмат адамдары тарабынан күрөөнүн жүйөсүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча күрөө кармоочунун укуктарын бузган чечимдер кабыл алынса, мындай чечимдер сот тарабынан күрөө кармоочунун доосу боюнча мыйзамсыз деп табылат.

3. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдердин кабыл алынышынын натыйжасында күрөө кармоочу тарткан бардык чыгымдар мамлекеттик орган жана ушундай чечимди кабыл алган жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан толук көлөмдө орду толтурулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-85)
