# 83-статья. Күрөөнү токтотуунун негиздери

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 17.12.2008 [Закон КР от 17 декабря 2008 года №265 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/202481)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266975..1266976>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 83-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-83

---

1. Күрөө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде, ушул Мыйзамда жана күрөө жөнүндөгү келишимде каралган негиздер боюнча толук же жарым-жартылай токтотулат.

2. Күрөөнү токтотууда күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө билдирме түзүүгө;

2) эгерде күрөөнүн жүйөсү катталууга тийиш болсо, бул билдирме күрөөнү мамлекеттик каттатууну жүзөгө ашыруучу органда/органдарда каттатууга;

3) күрөө кабарлоосуна 10 жумушчу күндүн ичинде жазуу киргизүүгө. Эгерде күрөө кармоочу күрөө кабарлоосуна күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө жазууну белгиленген мөөнөттө киргизбесе, анда күрөө кармоочу мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат;

4) мурдагы жана кийинки күрөөлөр боюнча карызкордун (күрөө берүүчүнүн) же күрөө кармоочунун талабы боюнча аларга билдирменин көчүрмөлөрүн берүүгө.

3. Билдирме жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөндөгүдөй маалыматтарды камтышы керек:

1) карызкордун (күрөө берүүчүнүн) аталышын (ысымын) жана турган жерин (жашаган жерин);

2) күрөө кармоочунун аталышын (ысымын) жана турган жерин (жашаган жерин);

3) күрөөнү токтотуу үчүн негиз болуп саналган жагдайларды;

4) карызкордун (күрөө берүүчүнүн) жана/же күрөө кармоочунун пикири боюнча зарыл деп саналган дагы башка маалыматтарды;

5) билдирменин датасын жана күрөө кармоочунун колтамгасын.

(КР 2008-жылдын 17-декабрындагы № 265, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-82)  
Кийинки берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-84)
