# 80-статья. Торуктан түшкөн каражатты бөлүштүрүү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 80-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-80

---

1. Торукка катышуучулардын кепилдик берген төгүмдөрү, ошондой эле сатып алуучу тарабынан сатып алуу баасына киргизилген акчалай суммалар нотариалдык органдардын сотунун депозитинде торукту уюштуруучунун банк эсебинде сакталышы керек.

2. Торукту уюштуруучу андан түшкөн каражатты ошол каражат түшкөн он күндөн кечиктирбестен бөлүштүрүүгө милдеттүү.

3. Торуктун уюштуруучусу андан түшкөн каражатты төмөндөгүдөй артыкчылык тартибинде бөлүштүрөт:

1) торукту өткөрүүгө кеткен чыгымдарды жана чыгашаларды жабууга;

2) ушул Мыйзамдын 9-статьясында көрсөтүлгөн күрөө менен камсыз кылынган күрөө кармоочунун талаптарын төлөп берүүгө;

3) күрөө кармоочунун кийинки күрөөлөр менен камсыз кылынган талаптарын төлөп берүүгө, мындан кийинки күрөө кармоочулар ушул Мыйзамдын 57-статьясында каралган шарттарды сактоо менен күрөө жүйөсүнүн эсебинен милдеттенмени аткарып берүү жөнүндө талапты билдирүүгө;

4) жогоруда көрсөтүлгөн бардык талаптар канагаттандырылгандан кийин калган суммаларды күрөө кармоочуга кайтарып берүүгө.

---

Мурунку берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-79)  
Кийинки берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-81)
