Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
79-статья. Күрөөнүн жүйөсүн сатып өткөрүүнү токтотуу
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 марта 2021 года № 42
1. Эгерде карызкор жана/же үчүнчү жак болуп эсептелген күрөө берүүчү күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени толук же тиешелүү бөлүгүн аткарса, анын аткарылбашы же талаптагыдай эмес аткарылышы өндүрүп алууну айлантуу ошол тиешелүү суммалар төлөнгөн учурга карата бул талаптар кандай орун ээлесе, күрөө кармоочунун ошондой көлөмдөгү талаптары боюнча суммаларды төлөө жолу менен айландырууга негиз болгон жана күрөө кармоочуга сот чыгымдарынын суммасын, күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алуудан айлантуудан жана аны сатуудан келип чыккан чыгымдардын ордун жаап берүүгө алып келсе, торукта күрөө жүйөсү сатылганга же аны күрөө кармоочу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте алганга чейинки кайсы мезгилде болсо да күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууну айлантуу жол-жобосу жана аны сатуу токтотулушу керек.
Мында, эгерде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте күрөө кармоочу тарабынан тоорукта күрөө буюмун саткан же сатып алган датага чейин карызкор жана/же күрөө берүүчү күрөө кармоочуга ал карыздын суммасын жабуучу бааны сунуштай ала турган сатып алуучунун талапкерлигин сунуш кылса, анда бул адам сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ болот. Бул учурда күрөө кармоочу күрөө жүйөсүн сатуудан баш тартпоого тийиш. Ушул пунктта көрсөтүлгөн укукту чектөөчү макулдашуу жараксыз. Ушул пунктта көрсөтүлгөн укукка чектөө коюучу макулдашуу жараксыз.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммаларды алгандан кийин күрөө кармоочу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) күрөө жол-жобосун өндүрүп алууга айлантуу жол-жобосу токтотулганы жана аны сатуу жөнүндө билдирүү түзүүгө;
2) эгерде күрөөнүн жол-жобосу мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болсо, бул билдирүүнү күрөөнү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органдарда каттатууга.
3) катталган күрөө болсо, билдирүүсүн Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттатууга;
4) күрөө берүүчүнүн (карызкордун) же мурдагы жана кийинки күрөө боюнча күрөө кармоочулардын талабы боюнча аларга билдирменин көчүрмөсүн берүүгө.
3. Билдирме жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөндөгүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1) күрөө берүүчүнүн (карызкордун) аталышын (ысымын) жана турган жерин (жашаган жерин);
2) күрөө кармоочунун аталышын (ысымын) жана турган жерин (жашаган жерин);
3) күрөө кармоочунун күрөө менен камсыз кылынган талаптары боюнча карызкор (күрөө берүүчү) төлөгөн, аткарылбашы күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууну айлантууга негиз болгон суммаларды, ошондой эле күрөөнүн жүйөсүнө өндүрүп алууну айлантуудан жана аны сатып өткөрүүдөн келип чыккан сот чыгымдарынын, дагы башка чыгашалардын суммаларын;
4) күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууну айлантуу жол-жобосу жана аны сатып өткөрүү токтотулсун деген көрсөтмөнү;
5) күрөө кармоочунун пикири боюнча зарыл деп саналган дагы башка маалыматтарды;
6) билдирменин датасын жана күрөө кармоочунун колтамгасын;
(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 171, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 марта 2021 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
24.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ашырган органдарда каттатууга.
3) катталган күрөө болсо, билдирүүсүн алынып салынды: Күрөө кошулду: Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо алынып салынды: кеңсесинде кошулду: чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттатууга;
4) күрөө берүүчүнүн (карызкордун) же мурдагы жана кийинки … жана күрөө кармоочунун колтамгасын;
(КР 2017-жылдын 2-августундагы № алынып салынды: 171 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 171, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-79" title="79-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>