# 77-статья. Торукту жараксыз деп табуу

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 77-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-77

---

1. Торук кызыкдар адамдын койгон доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп төмөндөгүдөй учурларда табылышы мүмкүн;

1) эгерде торуктар ушул Мыйзамда белгилгенген эрежелерди бузуу менен жүргүзүлсө;

2) эгерде күрөөнүн жүйөсү торукка катышууга укугу жок адамга сатылып кетсе;

3) эгерде торуктун уюштуруучусу, күрөө кармоочу же сатып алуучу тарабынан административдик же жазык жоопкерчилигине кириптер кылуучу укук бузуу жасалса, эгерде бул укук бузуу торукту жүргүзүүнүн жол-жобосуна байланыштуу болсо.

2. Торукту жараксыз деп табуу торукта утуп алган жак менен түзүлгөн келишимдин жараксыз деп табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана башка кесепеттерге кириптер кылат.

---

Мурунку берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-76)  
Кийинки берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-78)
