# 72-статья. Сатып өткөрүүнүн ыкмалары

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2014 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205249)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266972..1266973>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 72-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-72

---

1. Эгерде күрөө жүйөсү кыймылсыз мүлк болуп саналса, анда андай жүйө ачык торуктарда сатуу жолу менен сатып өткөрүлөт. Эгерде күрөө жүйөсү жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналган учурда, ушул Мыйзамдын 42-1-статьясында каралган учурларды кошпогондо, күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет.

2. Ачык торуктар ачык аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт. Торуктун формасы соттун чечими менен (сот тартибинде өндүрүп алууну айлантуу) же күрөө жөнүндө келишим же күрөө кармоочунун талаптарын канагаттандыруу тууралу макулдашуу (соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алууну айлантуу) аркылуу аныкталат.

3. Ачык торуктарды өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин тийиштүү статьялары, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле күрөө жөнүндө келишим же соттон тышкаркы күрөө кармоочунун талаптарын канагаттандыруу тууралу макулдашуу менен аныкталат.

4. Кыймылсыз мүлккө коюлган ижара укугун өндүрүп алууну айлантуу учурунда, ал ушул Мыйзамдын эрежелерине ылайык бул укукка жол берүү соңунан жол-жоболоштуруу менен сатып өткөрүлөт. Мындай учурда торуктун жүйөсү тийиштүү келишимди (ижара, жалдоо ж.б.) түзүү укугу болуп саналат.

(КР 2014-жылдын 4-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-71)  
Кийинки берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-73)
