# 66-статья. Айыл чарба багытындагы жер участкаларын өндүрүп алууга айлантуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 173 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/202578)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266967..1266964>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 66-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-66

---

1. Эгерде карызкор тарабынан негизги милдеттенме анчалык бузулбаса жана күрөө кармоочунун талаптарынын көлөмү күрөөгө коюлган жерлердин рыноктук наркына көз көрүнө эле туура келбесе, ипотека тууралу келишим боюнча күрөөгө коюлган айыл чарба багытындагы жер участкаларын өндүрүп алууну айлантуудан баш тартылышы мүмкүн.

2. Эгерде күрөө берүүчүнүн ипотека тууралу бул келишим боюнча күрөөгө коюлган башка мүлкү болбосо, күрөө жүйөсү болуп саналган айыл чарба багытындагы жер участкаларына өндүрүп алууга жол берилет.

3. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга байланышкан жана милдеттенмелердин аткарылбай калышына олуттуу себептерден болгон түшүмсүздүк, табият кырсыктары, суу каптоо, мөндүр жана башка аба ырайынын катаал шарттары таанылат, күрөө берүүчүнүн өтүнүчү боюнча сот өндүрүп алууну айлантуу тууралу чечимде бул жерлерди сатып өткөрүүнү бир жылга чейин узартууга укуктуу.

Сатып өткөрүүнү кийинкиге жылдырууга жол берилип жаткан мөөнөттү аныктоо менен сот анын ичинде кийинкиге жылдыруу мөөнөтү аяктоочу учурга карата күрөөгө коюлган жердин наркынан канагаттандырылууга тийиш болгон күрөө кармоочунун талаптарынын суммасы күрөө келишиминде көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган жердин баалануучу наркынан ашпаш керек экенин эсепке алат, ошондой эле күрөө кармоочунун финансылык абалын же күрөө берүүчүгө (карызкорго) же күрөө кармоочуга карата аны банкрот (кудуретсиз) деп таануу фактысын кабыл алат. Сатып өткөрүүнүн мөөнөтүн узартуу ушул мүлктүн күрөөсү аркылуу камсыз кылынган милдеттенме боюнча тараптардын укуктары менен милдеттерин козгобойт жана карызкорду күрөө кармоочуга (кредиторго) кириш кылуучунун анын (кредитордун) мөөнөттү узартуу учурунда өсүп кеткен карыздарынын ордун толтуруудан бошотпойт.

4. Айыл чарба багытындагы жерлерди ачык торукта кайталап сатып өткөрүү ишке ашпай калганын жарыялаганда мамлекет күрөөнүн жүйөсүн (ипотекасын) анын рыноктук наркы боюнча сатып алууга укуктуу.

Эгерде мамлекет тарабынан күрөөнүн жүйөсү сатылып алына элек болсо, анда ага ушул Мыйзамда каралган күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алууга айлантуу тартиби жер мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жайылтылат. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-65)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-67)
