# 65-статья. Күрөөгө коюлган турак үйдү же квартираны өндүрүп алууну айлантуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2014 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205249)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266972..1266973>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 65-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-65

---

Күрөөгө коюлган үй (квартира) өндүрүп алууга айлантылгандан кийин жана бул мүлктү сатып өткөрүүдөн кийин күрөө берүүчү жана аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле кандай болбосун үчүнчү жактар турак үйдүн (квартиранын) менчик ээсинин талабы боюнча 30 күндүн ичинде ээлеп турган имарат-жайды бошотууга милдеттүү. Ушул статьяда каралган талаптар аткарылбаса, турак үйдүн (квартиранын) менчик ээси өз укуктарын бул имарат жайдын менчик ээси катары, анын ичинде күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле үчүнчү жактарды алар ээлеп турган имарат жайдан чыгарууну административдик же соттук тартипте да ишке ашырууга укуктуу. Эгерде күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосундагы күрөө жөнүндө келишим же болбосо кийинки макулдашуулары менен бирге түзүлгөн соттон тышкары тартипте күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тууралуу келишимде соттон тышкары тартип каралган болсо, күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле үчүнчү жактарды өз алдынча ээлеп алган жактар катары чыгаруу күрөө жүйөсү жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналган жана мындай турак-жай ушул Мыйзамдын 421-статьясында белгиленген тартипте сатып алынбаган учурлардан тышкары, прокурордун санкциясы менен соттон тышкары административдик тартипте жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 4-февралындагы № 27, 2016-жылдын 2-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-64)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-66)
