65-статья. Күрөөгө коюлган турак үйдү же квартираны өндүрүп алууну айлантуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 февраля 2014 года № 27
Күрөөгө коюлган үй (квартира) өндүрүп алууга айлантылгандан кийин жана бул мүлктү сатып өткөрүүдөн кийин күрөө берүүчү жана аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле кандай болбосун үчүнчү жактар турак үйдүн (квартиранын) менчик ээсинин талабы боюнча 30 күндүн ичинде ээлеп турган имарат-жайды бошотууга милдеттүү. Ушул статьяда каралган талаптар аткарылбаса, турак үйдүн (квартиранын) менчик ээси өз укуктарын бул имарат жайдын менчик ээси катары, анын ичинде күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле үчүнчү жактарды алар ээлеп турган имарат жайдан чыгарууну административдик же соттук тартипте да ишке ашырууга укуктуу. Эгерде күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосундагы күрөө жөнүндө келишим же болбосо кийинки макулдашуулары менен бирге түзүлгөн соттон тышкары тартипте күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тууралуу келишимде соттон тышкары тартип каралган болсо, күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле үчүнчү жактарды өз алдынча ээлеп алган жактар катары чыгаруу күрөө жүйөсү жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналган жана мындай турак-жай ушул Мыйзамдын 421-статьясында белгиленген тартипте сатып алынбаган учурлардан тышкары, прокурордун санкциясы менен соттон тышкары административдик тартипте жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 4-февралындагы № 27, 2016-жылдын 2-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
65-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-65" title="65-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>