# 64-статья. Күрөөгө коюлган ишкананы өндүрүп алууга айлантуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 64-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-64

---

1. Карызкор ишкананын күрөөсү менен камсыз кылынган милдетти аткарбаган же аны тиешелүү деңгээлде аткарбоо учурда күрөө кармоочу өндүрүп алууну ишканага айлантууга укуктуу.

Өндүрүп алуу жалпысынан мүлктүк комплекс катары ишкана түрүндө же камсыз кылынган милдеттенмени (карызды) жабуу үчүн наркы жетиштүү болгон же анын кээ бир активдери түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Күрөө кармоочу ишканага башкаруучу дайындап туруп, ушул Мыйзамдын 73-статьясында аныкталган талаптарга жооп бере турган торуктарды уюштуруу үчүн ишкананы өндүрүп алууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

Бүтүндөй иштеп жаткан ишканага өндүрүп алуу талабы айлантылганда башкаруучу милдеттүү түрдө дайындалат.

3. Бүтүндөй ишканага мүлктүк комплекс катары өндүрүп алуу айлантылганда, нотариустун аткаруучулук жазуусунун негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-63)  
Кийинки берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-65)
