# 63-статья. Күрөө жүйөсүн өндүрүп алууну айлантуу жөнүндө иштерди кароодо сот тарабынан чечилүүчү маселелер

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678); 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111442)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266978..1266979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 63-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-63

---

Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган жалпы маселелерден тышкары күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндө ишти кароодо сот чечимде төмөнкүлөрдү аныкташы жана көрсөтүшү керек:

1) күрөө жүйөсүн кайтаруу жана аны сатып өткөрүү боюнча суммалардан тышкары, сатылгандан кийин аныкталуучу күрөө жүйөсүнүн наркынан күрөө кармоочусуна төлөнө турган бардык суммаларды. Пайыз менен эсептелүүчү суммалар үчүн кошулуп эсептелүүчү пайыздар, пайыздардын жана төлөм айыптын көлөмү, ошондой эле ал эсептелине турган мезгил да көрсөтүлүшү керек;

2) наркынан күрөө кармоочунун талабы канагаттандырыла турган күрөө жүйөсү;

3) өндүрүп алынган күрөө жүйөсүн сатып өткөрүү ыкмасы;

4) күрөө жүйөсүн сатып өткөрүүдө анын баштапкы (старттык) баасы, ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 4-пунктунун 5-пунктчасына ылайык ал күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде аныкталат. Ал эми талаш-тартыш болгон учурда күрөө жүйөсүн сатуу баасы тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз адис-баалоочунун корутундусунун негизинде сот тарабынан аныкталат;

5) эгерде алар зарыл болсо, күрөө жүйөсү сатып өткөрүлгөнгө чейин сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар;

6) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык торуктан түшкөн акчаны бөлүштүрүү тартиби жана кезектүүлүгү.

Эгерде күрөөнүн объектиси ушул Мыйзамдын 421-статьясы менен белгиленген тартипте сатып алынган турак үй же квартира болсо, сот көрсөтүлгөн маселелерге кошумча доогердин талабы боюнча көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектисинен күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле кандай гана болбосун башка үчүнчү жактарды чыгаруу тууралуу маселени чечет. (КР 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-64)
