# 62-статья. Күрөө жүйөсүнө карата өндүрүп алууну айлантуунун соттук тартиби

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678); 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 04.02.2014 [Закон КР от 4 февраля 2014 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205249)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266978..1266979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 62-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-62

---

1. Эгерде күрөө жөнүндө келишимде күрөө жүйөсүнө соттон тышкары тартипте өндүрүп алуу мүмкүндүгү каралбаса, күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу соттун чечиминин негизинде сот тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

Эгерде күрөөгө коюлган мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте тарыхый, көркөм же коом үчүн башка маданий баалуулукка ээ болгон мүлккө киргизилген учурда, ошондой эле эгерде күрөө жүйөсү өндүрүп алуу учуруна карата жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, ушул Мыйзамдын 42-1-статьясында каралган учурларды кошпогондо, күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет.

2. Күрөө кармоочу (кредитор) ушул Мыйзамдын 58-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган мөөнөт аяктагандан кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 581-статьясында каралган шарттарды аткаргандан кийин күрөө жүйөсүн сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу.

Күрөө берүүчү (карызкор) ушул Мыйзамдын 59-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган учурларда күрөө жүйөсүн сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу.

3. Күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндөгү доо коюлат, ал эми иш ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик мыйзамдарынын ченемдерине ылайык күрөөгө коюлган мүлктүн жайгашкан жери боюнча сот тарабынан каралат.

4. Күрөө кармоочу сотко ушул Мыйзамда каралган күрөө жүйөсүн өндүрүп алууга айлантуу жөнүндө билдирмени карызкорго (күрөө берүүчүгө) тийиштүү доо, далилдерди бергендигин ырастап тапшырат. Катталган күрөө кабарлоосу болгондо, ушул Мыйзамдын 581-статьясына ылайык күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазуу киргизүү далилин күрөө кармоочу тиешелүү доо көрсөтүлүп жаткан сотко берүүгө тийиш.

Күрөө кармоочу тийиштүү доо бериле турган сотко күрөө берүүчүлөр ошол эле адамдар болушса, алар жөнүндө күрөө кармоочунун маалыматы жок болгон учурлардан тышкары күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жол-жоболорун козгоо тууралу мурдагы жана кийинки күрөө кармоочуга билдирме жөнөтүлгөн далилдерди, ал эми катталган күрөө кабарлоосу болгондо, ушул Мыйзамдын 581-статьясына ылайык Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү тапшырат.

5. Эгерде күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндө иштин материалдарынан күрөө башка адамдардын же органдын макулдугу менен жүзөгө ашырылган же ашырылышы керек экени көрүнүп турса, доону алган сот бул тууралу тийиштүү адамдарды же органдарды кабарлап аларга бул ишке катышууга мүмкүндүк берет.

6. Мыйзамга же келишимге негизделген күрөөгө коюлган мүлктү пайдаланууга же бул мүлккө (сервитут, жер да пайдалануу укугу жана башка укуктар) укугу бар жактар (ижарачылар, жалдоочулар, турак жай ээсинин эрезеге жеткен үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар) таламдаш тараптар катары күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндө ишти кароого катышууга укуктуу.

(КР 2014-жылдын 4-февралындагы № 27, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-61)  
Кийинки берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-63)
