# 61-статья. Соттон тышкаркы тартипте өндүруп алууну айлантуунун жол-жобосуна тийиштүү күрөө жүйөсүн күрөө кармоочуга өткөрүп берүү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678); 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266978..1266979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 61-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-61

---

1. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкасы каралбаса, ушул Мыйзамдын 60-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда күрөө берүүчү, торуктардын уюштуруучуларын кошкондо, күрөө кармоочу же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө күрөө жүйөсүн өткөрүп берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

11. Күрөө кармоочунун күрөө жүйөсүнө менчик укугу сооданын натыйжалары жөнүндө протокол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан тартып пайда болот.

2. Эгерде күрөө жүйөсүн өткөрүп берүүгө үчүнчү тарап тоскоолдук кылса, анда күрөө кармоочу, күрөө берүүчү же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү күрөө жүйөсүн өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон мыйзамдуу иш-аракеттерди жасаганга укуктуу.

3. Күрөө жүйөсүн алган учурдан тартып жана аны сатып өткөрүү учуруна чейин күрөө кармоочу, жыйноо, реконструкциялоо, ремонттоо ж.б. жол менен күрөө жүйөсүн жакшыртууга же аны сатып өткөрүү боюнча чыгымдарын кыскартууга укукту кошкондо, мыйзамда же келишимде белгиленген күрөө жүйөсүнө карата укуктарга ээ.

Күрөө кармоочу күрөө жүйөсүнө карата анын сакталышы боюнча милдетти кошкондо, мыйзамда же келишимде белгиленген милдеттерди да тартат.

4. Күрөө кармоочу мажбурлап өндүрүп алууну айлантуу жөнүндө билдирме жөнөткөндөн кийин, ал эми кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кабарлоосуна жазуу киргизген учурдан тартып ушул Мыйзамдын 581-статьясына ылайык ал же анын өкүлү күрөөнүн тийиштүү жүйөсүнө ээлик кылуу укугун алышат.

5. Күрөөгө коюлган мүлккө ээлик кылууга киришкенден кийин өндүрүп алууга айлантуу боюнча сатыкка чейин күрөө кармоочу күрөөлүккө карата, ушул Мыйзамда белгиленген күрөөгө коюлган мүлккө карата укуктарга жана милдеттерге ээ. Күрөө кармоочу мүлктүн баасын аны жыйноо, реконструкциялоо, ремонттоо жана курулушту бүткөрүү же сатып өткөрүү боюнча чыгымдарды кыскартуу аркылуу чараларды көрө алат. Күрөө кармоочу күрөө берүүчү менен өз ара келишим боюнча кандай убакта болбосун күрөө жүйөсүн коргоо боюнча чараларды көрө алат. Күрөө кармоочунун мажбурлап өндүрүп алууга айлантуу жөнүндө билдирмени каттагандан кийин ал киргизген арыз боюнча сот күрөөгө коюлган мүлктү башкача коргоо чаралары тууралу чечим кабыл ала алат.

6. Ушул Мыйзамдын 58-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасында белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин күрөө берүүчү күрөө кармоочунун макулдугусуз эле келишимдик милдеттенмелерди өзгөртө же келишим түзүлгөн милдеттенмелерге карата өз укуктарын жүзөгө ашыра албайт. Күрөө кармоочу күрөөгө өткөрүлүп берилген келишимдик милдеттенмелерге карата күрөө берүүчүнүн укуктарын жүзөгө ашырган учурда, күрөө кармоочу ошол эле келишим түзгөн милдеттенмеден келип чыгуучу күрөө берүүчүнүн тийиштүү кандай милдеттенмеси болбосун аткарууга милдеттүү.

7. Ошол эле коюлган жалгыз мүлккө карата өндүрүп алууну айлантуу жол-жобосун козгошкон эки же андан ашуун күрөө кармоочунун ортосунда жаңжал чыкса, өндүрүп алууну айлантуу жол-жобосун өткөрүүгө укук, сатууну жүзөгө ашырганга чейин күрөөгө коюлган мүлктү сатууну жана ага ээлик кылуу менен коргоону кошкондо, күрөө кармоочуга тийиштүү укук, эгерде башка милдеттенмени камсыз кылуу үчүн ишкананын өзүнчө активдери күрөөгө коюлган болсо, иштетилип жаткан ишкана катары күрөөгө коюлган мүлктү башкаруу үчүн ишкананы башкаруу үчүн башкаруучу дайындалган учурлардан тышкары ушул Мыйзамга ылайык биринчи кезектеги укукка ээ болгон күрөө кармоочуга таандык болот. Иштеп жаткан ишкана катары күрөөгө коюлган ишкананы өндүрүп алууга айланткан күрөө кармоочу, ишкананын күрөө кармоочусу биринчи кезектеги күрөө кармоочудан мындай өндүрүп алуу төлөмдөрүн алууга артыкчылык берет деген шарттарда бардык мүлккө карата ишкананын күрөөсүн мүлккө айландыруу жол-жобосун жүзөгө ашыра алат.

(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-62)
