# 60-статья. Күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 30 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"](https://aqlex.ai/kg/doc/112513)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266984..1266985>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 60-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-60

---

1. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөө предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда катары менен үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгон учурда демилгеленет.

Күрөө предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:

1) күрөө жөнүндө келишимдин, же болбосо кыймылдуу мүлккө карата күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби тууралуу шарттарды камтыган макулдашуунун;

2) күрөө жөнүндө келишим же болбосо мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишим менен бир учурда түзүлгөн жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, же болбосо күрөө жөнүндө келишимдин, же мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишимдин колдонулуп жаткан мезгилинде түзүлгөн күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда кыймылсыз мүлккө карата соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүп алуунун тартиби тууралуу макулдашуунун;

3) күрөө жөнүндө келишимде же мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишимде күрөө кармоочунун соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүп алуу тууралуу укугу болгон учурда нотариустун аткаруу жазмасынын.

2. Күрөө кармоочу нотариустун аткаруу жазмасын алуу үчүн ушул Мыйзамдын 58-статьясына ылайык билдирүү түзүлгөндөн кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 581-статьясына ылайык күрөө кабарлоосуна жазуу жүргүзүлгөндөн кийин күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочу койгон талапты канааттандырууга ниети жок болсо, кайрылууга укугу бар.

Нотариустун аткаруу жазмасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жасалат.

3. Күрөө жөнүндө келишим же күрөө берүүчүнүн талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу боюнча күрөө предметин өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 58-статьясында каралган билдирүү жиберилгенден кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 581-статьясында каралган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугу катталган учурда күрөө кабарлоосуна жазуу жүргүзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тууралуу макулдашуу күрөө жөнүндө мурдагы келишимдер боюнча күрөө кармоочулардын катышуусу менен түзүлсө, ал макулдашуу кийинки келишим боюнча жарактуу болот. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу, кимисинин укуктары ушул макулдашуу менен бузулса, ошонун койгон доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууда макулдашууну укук белгилөөчү документ катары таануучу шарттар каралууга тийиш эмес.

5. Эгерде күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда түзүлгөн келишимде (макулдашууда) күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби белгиленсе, тараптардын бирөөсү дагы бир беткей тартипте өндүрүп алуунун тартибин өзгөртө албайт же келишим (макулдашуу) менен белгиленген күрөө предметин өндүрүп алуу тартибинен башкача жол менен баш тарта албайт.

Мында күрөө предметин өндүрүп алуу үчүн негиз пайда болгондон кийин тараптар кошумча макулдашуу менен күрөө жөнүндө баштапкы келишимден жана/же макулдашуудан айырмалган, күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы башка тартибин кароого укуктуу.

6. Эгерде күрөө предметин сатуудан кийин алынган сумма күрөө менен камсыз кылынган күрөө кармоочунун талабынын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда айырма күрөө берүүчүгө кайтарып берилет.

Эгерде күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумма күрөө кармоочунун талаптарын жабуу үчүн жетишсиз болсо, келишимде башкача көрсөтмө берилбесе, ал күрөөгө негизделген артыкчылыктан пайдаланбастан, карызкордун башка мүлкүнөн жетпеген сумманы алууга укуктуу. (КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-59)  
Кийинки берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-61)
