# 59-статья. Өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу жол-жобосун козгоо жөнүндө билдирүү алынгандан кийинки күрөө берүүчүнүн (карызкордун) иш-аракети

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266978..1266979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 59-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-59

---

1. Күрөө берүүчү карызкор ушул Мыйзамдын 58-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык билдирүүдө көрсөтүлгөн күрөө кармоочунун талаптарын канагаттандырууга жана билдирүү үчүн негиз болуп саналган милдеттенмелерди токтотууга милдеттүү. Бул учурда жазаны күрөөнүн жүйөсүнө айлантууну козгоо жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайык токтотулат.

2. Билдирүүнү алганда күрөө берүүчү (карызкор) төмөнкүлөргө укуктуу:

1) сот тартибинен тышкары күрөө менен камсыз кылынган анын талаптарын канагаттандыруу жөнүндө күрөө кармоочу менен макулдашуу түзүүгө же;

2) күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп улуу үчүн негиздер келип чыккандан кийин күрөөгө коюлган мүлктү карызды жабуунун эсебине ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө күрөө кармоочу менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдашууну түзүүгө; же

3) эгерде соттон тышкары мүлккө айландыруу тартиби күрөө жөнүндө келишимде жана/же талаптарды канааттандыруу жөнүндө макулдашууда же бейтарап макулдашууда каралбаса, сот тартибинде күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жана аны сатып өткөрүү жол-жобосун жүргүзүү тууралуу арыз менен сотко кайрылууга.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [581-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-581)  
Кийинки берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-60)
