581-статья. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын өндүрүп алуу тартиби
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2022 года № 76
1. Күрөө кабарлоосунда катталганда, күрөөнүн жүйөсүнө соттук же соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жол-жоболорун козгоо үчүн, күрөө кармоочу өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталгандыгы жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазуу киргизүүгө тийиш.
2. Жазуу күрөө кабарлоосуна күрөө кармоочу тарабынан 3 жумушчу күндүн ичинде киргизилет. Өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталгандыгы жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазуу киргизбестен, ушул статьянын 1-пунктунда каралган шарттар сакталбаганда, күрөө кармоочу күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп ала албайт.
3. Күрөө кабарлоосуна жазууларды киргизгенде, күрөө кармоочу 15 жумушчу күндүн ичинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) соттон тышкаркы тартипте, күрөө менен камсыз кылынган анын талаптарын канааттандыруу жөнүндө күрөө берүүчү менен макулдашуу түзүүгө;
2) эгерде мүлктү өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби күрөө жөнүндө келишимде жана/же талаптарды канааттандыруу жөнүндө макулдашууда же бейтарап макулдашууда каралбаса, сот тартибинде күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алуу жана сатуу жол-жоболорун жүргүзүү жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга;
3) талаш-тартыш болгондо, сотко кайрылбастан, аны жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө.
4. Кыймылдуу мүлктүн күрөө жүйөсүн сот тартибинде өндүрүп алуу процессинде катталган күрөө кабарлоосунда күрөө кармоочу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү берүүгө милдеттүү. Көчүрмө сот тартибинде өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталгандыгы жөнүндө далил болуп саналат. Өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталганы жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазууларды киргизүү жана көчүрмө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
581-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2022 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жазууларды киргизүү жана көчүрмө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № алынып салынды: 117 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 117, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-581" title="581-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>