# 58-статья. Өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуунун тартиби

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266978..1266979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 58-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-58

---

1. Соттон тышкаркы же сот тартибинде өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу жол-жобосун козгоо үчүн күрөө кармоочу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу жол-жобосунун башталганы жөнүндө билдирүү түзүүгө;

2) эгерде күрөөнүн жүйөсү катталууга тийиш болсо, бул билдирүү күрөөнү мамлекеттик каттоодон өткөргөн жүзөгө ашыруучу органда/органдарда каттатууга;

3) жазуу жүзүндөгү билдирүүнү карызкорго (эгерде ал ошол эле учурда карызкор да болуп саналбаса, күрөө берүүчүгө да) тапшырууга. Билдирүүнү тикелей берүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, ал карызкорго (күрөө берүүчүгө да) келишимде көрсөтүлгөн дарек боюнча тапшырык кат түрүндө жана/же факс боюнча берилет;

4) күрөө берүүчү тарабынан күрөө кармоочу бир эле жак болуп саналгандан башка учурларда мурдагы жана кийинки күрөөнүн көчүрмөсүн жиберүүгө.

2. Билдирүү жазуу жүзүндө түзүлүп, төмөндөгүдөй маалыматтарды камтышы керек:

1) күрөө жөнүндө келишимдин сыпаттамасын, өндүрүп алууга айлантуу жол-жобосу козголуп жаткан күрөөгө коюлган мүлктү, күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени канагаттандыруунун жагдайларынын кыскача сыпаттамасын, анын аткарылбай калуу себеби боюнча өндүрүп алууну айлантуу жол-жобосу козголот;

2) милдеттенмелерди ыктыярдуу аткаруу жөнүндө, белгилүү мөөнөт ичинде карыздардын бардык суммаларын төлөөнү кошкондогу сунуш, мындай мөөнөт карызкорго (күрөө берүүчүгө) билдирүү жиберилген 30 күндөн кем болбошу керек;

3) өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу жол-жобосунун болжолдуу башталышы жөнүндө эскертүүнү;

4) катталган күрөөдө - каттоонун номерин жана датасын;

5) күрөө кармоочунун пикири боюнча зарыл деп саналган дагы башка маалыматтарды;

6) билдирүүнүн датасын жана күрөө кармоочунун же ага ыйгарым укуктуу жактын кол тамгасын, ал эми өндүрүп алуу күрөөгө коюлган имаратка айлантылган учурда - ишкананын күрөөсүндө биринчи кезекте күрөө кармоочунун колтамгасын, ошондой эле ишканага башкаруучу болуп дайындалган адамдын колтамгасын жана маалыматтарын.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-57)  
Кийинки берене: [581-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-581)
