# 57-статья. Мурдагы же кийинки күрөө менен камсыз кылынган талаптар боюнча өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 57-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-57

---

1. Кийинки күрөө менен камсыз кылынган талаптар боюнча өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айланткан учурда, өндүрүп алуу күрөөнүн ошол жүйөсүнө мурдагы күрөө менен камсыз кылынган талаптар боюнча аларды өндүрүп алуунун мөөнөтү али келе элек болсо, кошо айлантылышы мүмкүн.

Эгерде мурдагы күрөө келишими боюнча күрөө кармоочу бул укуктан пайдаланбаган болсо, кийинки күрөө менен камсыз кылынган талаптар боюнча өндүрүп алуу айлантылган күрөөнүн жүйөсү мурдагы күрөө менен оорлотулган бойдон аны алуучуга өтөт.

2. Мурдагы күрөө менен камсыз кылынган талаптар боюнча өндүрүп алууга күрөөнүн жүйөсүнө айлантылган учурда өндүрүп алууну күрөөнүн ошол жүйөсүнө күрөө менен камсыз кылынган талаптар боюнча аларды өндүрүп алуу мөөнөтү али келе элек болсо да кошо айлантууга жол берилет.

Кийинки күрөө менен камсыз кылынган талаптар, эгерде мурдагы күрөө менен камсыз кылынган талаптарды канагаттандыруу үчүн мөөнөтүнөн мурда канагаттандырууга тийиш эмес болсо, өндүрүп алууну күрөө жүйөсүнүн бир бөлүгүнө айлантуу жетиштүү болот.

3. Өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантууда кийинки күрөө келишими боюнча күрөө кармоочунун талаптары мурдагы күрөө боюнча күрөө кармоочу талаптарын канагаттандыргандан кийин күрөө жүйөсүнүн наркынан канагаттандырылат.

4. Эгерде мурдагы жана кийинки күрөө боюнча күрөө кармоочу бир эле жак болуп саналса, ушул статьянын жоболору колдонулбайт. Эгерде Мыйзам же макулдашуу тараптары аркылуу башкасы каралбаса, мындай учурда күрөөлөрдүн ар бири менен камсыз кылынган талаптар тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу тийиштүү мөөнөттөрдө кезектүүлүк тартибинде канагаттандырылат.

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-58)
