# 56-статья. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткаруу жөнүндө талаптар канааттандырылбаганда өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2009 года № 98 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202648)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266965..1266966>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 56-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-56

---

Күрөө кармоочу, эгерде анын койгон талабы канагаттандырылбаса, төмөндөгүдөй учурларда өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантууну талап кылууга укуктуу:

1) күрөө берүүчү тарабынан күрөөнүн жүйөсүн тескөө жөнүндө эрежелери бузулса, же эгерде күрөөнүн жүйөсү күрөө берүүчүнүн ээлигинен чыккан болсо;

2) күрөө берүүчү тарабынан күрөөнүн жүйөсүн алмаштыруу же калыбына келтирүү эрежелери бузулса;

3) эгерде күрөө берүүчү күрөөнүн жүйөсүн алмаштыруу же калыбына келтирүү укугунан пайдаланбаса, күрөө берүүчү ал үчүн жооп бербеген жагдайлар боюнча күрөөнүн жүйөсү жоголсо;

4) кийинки күрөө жөнүндө эрежелерди күрөө берүүчү бузса;

5) күрөө берүүчү тарабынан күрөөнүн жүйөсүн күтүү жана сактоо боюнча милдеттер бузулса;

6) күрөө берүүчү тарабынан күрөөнүн жүйөсүнө карата үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө күрөө кармоочуну эскертүү боюнча милдеттер бузулса;

7) мыйзамда же күрөө жөнүндө же күрөөнү белгилеген башка келишимде каралган дагы башка учурларда.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-57)
