# 55-статья. Өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуунун негиздери

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2009 года № 98 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202648)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266965..1266966>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 55-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-55

---

1. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн күрөө кармоочунун (кредитордун) талаптарын канагаттандыруу үчүн өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө күрөө менен камсыз кылынган милдеттемени карызкор аткарбаган жана/же талаптагыдай аткарбаган учурда айлантылышы мүмкүн, айрыкча:

1) милдеттенмелерди төлөөнүн мөөнөтү бузулса;

2) карызкор тарабынан күрөө кармоочунун күрөө менен камсыз кылынган милдеттемени мөөнөтүнөн мурда аткаруу жөнүндөгү учурларга ушул Мыйзамдын 56-статьясында каралган учурларга ылайык аткарылбаса.

2. Өндүрүп алууну күрөөгө коюлган мүлккө айлантуу, эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, күрөө келишиминде же мыйзам күчүнөн улам ипотека белгилеген башка келишимде каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Күрөө келишими же мыйзам күчүнөн улам ипотека белгилеген башка келишимдин күрөө аркылуу камсыз кылынган милдеттенменин шарттарынын ортосунда өндүрүп алууну күрөөгө коюлган мүлк аркылуу канааттандыруу жолу менен аткаруу жагынан айырмачылыктар чыкса, артыкчылык күрөө келишиминин же мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека белгилеген башка келишимдин шарттарында берилет.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-56)
