# 54-статья. Укуктардын күрөөсүндө күрөө кармоочунун укуктары

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 54-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-54

---

1. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, укуктардын күрөөсүндө күрөө кармоочу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) эгерде күрөө берүүчү ушул Мыйзамдын 53-статьясында каралган милдеттерди бузса, күрөө менен камсыз кылынган укуктардын аткаруу мөөнөтү келгенине карабастан, күрөөгө коюлган укуктарды өзүнө котортуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга;

2) күрөө берүүчү тарабынан ушул Мыйзамдын 53-статьясынын 4-пунктчасында каралган талаптар аткарылбаган учурда, күрөөгө коюлган укукту үчүнчү жактардын бузушунан коргоого багытталган иш-аракеттерди өзалдынча жасоого;

3) күрөөгө коюлган укук жөнүндө доо каралып жаткан иш боюнча үчүнчү жак катары чыгууга.

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-55)
