# 50-статья. Имараттар же курулмалар жайгашкан жер участкасынын күрөөсү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 50-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-50

---

1. Жер участкасынын күрөө келишимин түзгөндө күрөө укугу ошол жер участкасында жайгашкан имараттарга, курулмаларга же турак жай курулуштарына бүткөрүлө элек курулуштарды кошкондо жайылтылат.

2. Имараттар, курулмалар же турак жай курулуштары жайгашкан жер участкасынын күрөөсүндө ошол объекттер ээлеген жер участкасынын бир бөлүгү жана аларды пайдаланууга зарыл жер участкасынын бир бөлүгү өзалдынча жер участкасы катары бөлүнүшү керек. Мындай учурда калган жер участкасына күрөө жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-51)
