# 5-статья. Өздөштүрүлгөн жер участкалары

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 5-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-5

---

1. Имараттын, курулманын же турак жайдын күрөөсү ушул имарат, курулма же турак жай жайгашкан жер участкасына, ошондой эле багытына ылайык күрөөгө коюлган объектти пайдаланууга зарыл жер участкасынын тиешелүү бөлүгүнө жайылтылат, бирок күрөө жөнүндөгү келишимге ылайык күрөө укугу имараттан, курулмадан же турак үйдөн бөлүнгүс бүт жер участкасына жайылтылышы мүмкүн.

2. Ушул келишим боюнча күрөөнүн жүйөсү болуп саналбаган имарат, курулма же турак үй жайгашкан жер участкасы күрөөгө коюлганда ушул имарат, курулма же турак үй турган жер участкасынын бир бөлүгү багытына ылайык объектти пайдаланууга зарыл жер участкасынын ошол бөлүгү күрөөнүн жүйөсү болуп эсептелбеген өзалдынча жер участкасы катары бөлүнүшү керек.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-6)
